Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

“ЭНДЕЙВОР” КОСМОС КЕМЕСИ ЖЕРГЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАЙТТЫ


Жаннат Токтосунова, Бишкек “Эндейвор” космос кемеси шейшемби күнү Гринвич убактысы боюнча саат 16:32 де (Бишкек убактысы боюнча 22:32) Флоридага ийгиликтүү конду. Бул мурда пландалгандан бир күн эрте болду, себеби Америкалык космос агенттиги Кариб денизи жана Мексикада күч алган “Дин” бороону кемеге зыян тийгизиши мүмкүн деп кооптонгон эле.

Кечээ Флориададагы Канаверал тумшугунда аба-ырайы жаан-чачынсыз болду. Мындан сырткары космос агенттиги шамалдын багытын жана ылдамдыгын көзөмөлдөп турду.

Анткен менен аба-ырайынан да адистерди космос кемесиндеги жарака кооптондурган болчу. Старт учурунда изоляциялык көбүктүн бөлүгү кемеге тийип, ысык температурадан коргоочу калканга зыян келтирген.

Космос станцияда жүргөн убакта астронавттар жараканы карап чыгышкан, бирок Космос Агенттиги кемени жеринде оңдоонун зарылдыгы жок деп чечкен.

2003-жылы Колумбия космос кемеси да дал ушундай кырдаалда жарака алган. Кеме жерге кайтып келе жатканда жарылып, бортундагы 7 астронавт тен каза тапкан. Бул окуядан соң мындай кемелер эки жарым жылдан ашуун космоско учурулган эмес.

“Эндейвор” эларалык космос станциясында 9 күн турду. Ал убакта кеменин тобу жана эларалык станциянын астронавты Клейтон Андерсон ачык космоско төрт жолу чыгышты. Алар орбиталык өнөрканага атайы техника орнотушту. Мындан сырткары кеме станцияга үч тоннага жакын оокат алып келди.

Кеменин командасында космосто мугалим катары иштеген астронавт Барбара Морган болду. Мындай милдетти аткарган алгачкы астронавт 1986-жылы Челленджер кемесинде каза тапкан.

Америкалык космос агенттиги 2010-жылга чейин Эларалык космос станциясына жок дегенде 12 миссия барып келерин пландоодо.
XS
SM
MD
LG