Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

АКШ КОНГРЕССМЕНДЕРИ ФИДЕЛЬ КАСТРОНУН УЗАК САЯСЫЙ ӨМҮРҮНҮН СЫРЫН АЧЫШТЫ


АКШлык конгрессмендердин тобу шейшемби күнү Прагага келишти. Алар Чехиядан соң Мажарстан жана Польшада болушат. Алардын сөзүнө караганда, Кубанын лидери Фидель Кастро террордун жардамы менен гана элди былк эткирбей тескеп турат. Арал мамлекетте ар бир шаарчанын калкы катуу көзөмөл астында болгондуктан, тоталитардык режимге каршы күрөшүү кыйын. Бирок, эл азыр Кастро орноткон бийлдиктин маңызын түшүнө баштады дешет америкалык конгрессмендер “Азаттыкка” берген интервьюда.

Демократ- конгрессмен Албио Сайрес Нью- Жерси штатынан. Линкольн Диаз- Баларт менен Марио Диаз- Баларт Флоридадан. Экөө тең Республикачылар партиясынан. Үч конгрессмен коммунизмди баштан кечирген Чехия, Мажарстан жана Польшада болуп, Фидель Кастронун бийлигине оппозициядагы кубалыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн мурдакы диссиденттерге ыраазылык айтканга катар бул өлкөлөрдүн саясый тажрыйбасы менен таанышмакчы. Марио Диаз- Баларт “Азаттыкка” берген интервьюда Фидель Кастронун бийликте узак отуруу себебин мындай деп түшүндүрдү:

-Эң алды Кубада Батыш жарым шарында жок террор орнотулган. Террордун деңгээли Батыш жарым шарында болуп көрбөгөндөй экенин Европадан да көрүү мүмкүн. Куба аралдан орун алган жана өлкөгө жетүү жана андан чыгуу аябай татаал. Анүчүн кирип- чыгууну уюштуруу да өтө оор. Боштондук кыймылын ойлогондо ушул жана башка нерселер ойго келет. Ар бир шаарчадагы ар бир блокто кыраакылык комитети болгондуктан тоталитардык, абсолюттук режимге элди кыңк эткизбей кармап туруу оңой.

Конгрессмен Марио Диаз- Баларт кубалык диссидентер АКШдан башка коңшу өлкөлөрдөн колдоо албаганы- Кастронун режиминин бекемдигине өбөлгө түзүүдө дейт:

-Кубанын АКШдан башка географиялык коңшуларынан тилектештик жок экени чындык. Бул да фактор. Куба эли Латын Америкадагы эркиндикти жана демократияны ар качан ишенимдүү колдоп жүрөт. Аскерий төңкөрүш болгондо Куба эли жана жарандык коому тикесинен тик туруп, басуудагы элге тилектештик билдирүүнү талап кылышкан. Тилекке каршы, өздөрүнө андай тилектештик болгон жок.

Конгрессмен Албио Сайрес болсо кубалык диссидентердин Латын Америкадан колдоо таппай жатканы- Фидель Кастро түзгөн режимди алардын жакшы билбегенине байланыштуу деп санайт:

-Анын бир себеби- бул режимдин өнүүгүсүнө байланыштуу. Обол Кубада ынкылапты, сакалчан жигитти сүйүп жакшы көрүштү. Азыр адамдар эркин каттоо мүмкүн болбогон, сөз эркиндиги жок, диссиденттерди абакка салган, адамдарды аткан тоталитардык өкмөттүн маңызын түшүнө баштады. Узак жылдар бою элди атчу атайын команда болгон. Ошентип, эл 50- жылдардын аягы, 60- жылдардын башында Кастрону сүйсө, азыр анын ким экенин аңдап- түшүнө баштады.

XS
SM
MD
LG