Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

АМЕРИКА ЭЛИ АЗА КҮТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 11-сентябрда бүткүл дүйнө - 2001-жылы Америкада ишке ашырылган террор аракеттеринин алты жылдыгын белгилеп, курман болгондорду эскерүүдө. Анткен менен айрымдар америкалык бийликти күнөөлөп, ал чабуулдардын алдын ала албаганы тууралуу дагы айтып жатат.

2001-жылдын 11-сентябрында эртең менен Америкада төрт ири террор аракети даярдалган, алардын үчөө ишке ашкан жана бардыгы болуп 75 өлкөнүн үч миңге жакын жараны курман болгон. Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун эки мунара-имаратынын бирине эртең мененки саат сегизден 46 мүнөт өткөндө террорчулар ала качкан бир учак келип тийген, андан 20 мүнөт өткөндөн кийин экинчи имаратты дагы башка бир учак келип сүзгөн.

Натыйжада эки имарат тең кулап түшүп, эки миң жети жүздөн ашык адам набыт кеткен. Ошол эле күнү ала качылган башка бир учак Пентагондун имаратын сүзгөндөн дагы 179 адам курман болгон. Террорчулар дагы бир учакты ала качкан, бирок анын ичинде отурган жүргүнчүлөр аларга каршылык көрсөткөндүктөн, учак Пенсильвания штатында жерге кулап түшкөн, анын ичиндеги 40 жүргүнчү жана учкучтардын баары өлгөн.

Соода борборунун имараттары күйүп жатканда, анын ичиндегилерди куткаруу үчүн жардамга өрт өчүрүүчүлөр келген жана имараттар кулап түшкөндө, алар дагы курман болгон, бардыгы болуп урандылардын алдында 343 өрт өчүрүүчү өлгөн.

11-сентябрда Америкада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө курман болгондорду эскерүү жыйындары болуп өттү. АКШнын Ички коопсуздук министри Майкл Чертофф 10-сентябрда Конгрессте чыгып сүйлөп, андай жаңы террор аракеттерин болтурбас үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат деп билдирди: "2001-жылдын 11-сентябрына чейинки мезгил менен салыштырганда, биздин коопсуздук азыр алда канча бекем экени анык. Бирок дагы көп нерсе жасаш керек, душман токтотула элек. Алар өз тактикасын өзгөртүп, стратегиясын жаңы шарттарга ылайыкташтырып, мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп жатат", - деди министр Чертофф.

Акыркы аптада айрым интернет-сайттар "ал-Каида" террордук уюмунун жетекчиси Усама бин Ладендин эки видеосун көрсөттү. АКШ жетекчилигинин айтымында, 2001-жылдагы террор аракеттерин "ал-Каида" уюштурган жана азыркы видеолордо дагы бин Ладен учактарды ала качкандарды мактап, АКШда дагы алааматтар болот деп билдирди.

Американын өзүндө айрым коомдук уюмдар - мынчалык ири террор аракеттери бир күндө даярдалбайт, алар тууралуу коопсуздук кызматтары алдын ала айрым маалыматтарга ээ болгон, бирок тийиштүү чара көргөн эмес деп айтууда. Башкалардын пикиринде, айрым маалыматтар эмгиче жашыруун сакталып жатат, анткен менен 11-сентябрда бардык америкалыктар курман болгондорду эскерип, аза күтүүдө.

Атактуу "Битлз" тобунда бир кезде ырдаган Пол Маккартни 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон жана баарын өз көзү менен көргөн. Кийин ал өлгөндөрдүн урматына бир нече концерт уюштурган. Жакында дагы ал Нью-Йоркко келип, курман болгон өрт өчүрүчүлөргө урмат көрсөттү: "Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда менин атам Ливерпуль шаарында өрт өчүрүүчү болгон жана бомбалар менен алышкан. Мен аны менен сыймыктанам, силер менен дагы, бул жердеги бийлик жана полициячылар менен сыймыктанам", - деди Маккартни Нью-Йоркто концерт берип жатып.

XS
SM
MD
LG