Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

УРАН БОТОБЕКОВ: ПУТИН ӨЗҮ ИШЕНГЕН АДАМДЫ МУРАСКОР ЖАРЫЯЛАЙТ


Орусияда бүгүн өкмөт отставкага кетип, президент Владимир Путин премьер-министр Михаил Фрадковдун отставкага кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алды. Орусиядагы бул соңку окуя тууралу саясат таануучу Уран Ботобеков менен түз эфирде маектештик.

- Орусияда өкмөт бүгүн отставкага кетти. Отставкага кетип жатып орус премьери Михаил Фрадков муну өлкөдө алдыда күтүлүп жаткан ири саясий окуяларга байланыштырган экен. Чын эле бул алдыдагы Орусияда күтүлүп жаткан шайлоолорго байланыштуубу?

- Мен бүгүн Фрадков айткан нерсеге толугу менен кошулат элем. Путин дагы анын отставкасын кабыл алды. Бул чындап эле алдыда болуп аткан ири саясий окуяларга байланыштуу. Себеби өзүңүз жакшы билесиз, 2008-жылы марттан кийинки өлкөдөгү бийликтин конфигурациясын, башкаруунун нугун сактап калууга, бүгүнкү багытты улантууга болгон күрөш деп ойлойм.

- Демек албетте өкмөт кеткенден кийин кайра жаңы өкмөт келиш керек. Орусиянын кийинки премьерин өлкөнүн болочок президенти деп атоого болобу? Кийинки премьер Путиндин мураскери болобу?

- Бир четинен ушундай деп айтса болот. Албетте бүгүнкү отставка бийликтин мураскоруна көрүлгөн бир камылга катары десе да болот. Бирок өзүңүздөр жакшы билесиздер, Путин кайсы бир саясий топтун басымы астында эч качан чечим кабыл алган эмес. Ал дайыма өзүнө ишенген, текшерилген, көп жылдап жанында жүргөн адамдарды калтырышы мүмкүн. Жакын арада премьер-министр ким болот, ошого жараша анын мураскор же мураскор эместигин айтууга болот. Экинчи жагы, шайлоого чейин дагы убакыт бар, ага чейин кандай окуя өнүгөт, мураскор болобу, мына ушул эки факторго байланыштуу деп ойлойм.

- Өкмөттөгү өзгөрүүлөр, алдыдагы шайлоолор кыргыз-орус алакаларына кандай таасир этиши мүмкүн?

- Мен саясат таануучу катары айтсам, кыргыз-орус мамилесинде көп деле өзгөрүү болбойт деп ойлоп турам, буга чейинки эки тараптын кызматташуусунун динамикасы сакталат. Албетте кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү биз 2008-жылы марттан кийин шайлоо кандай өтөт, өлкө башчылыгына ким келет, ошондон кийин күтсөк туура болчудай.

- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.

XS
SM
MD
LG