Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

МЬЯНМАНЫН АСКЕРИЙ ӨКМӨТҮ КЕЧИЛДЕРГЕ КАРШЫ ЧАБУУЛГА ӨТТҮ


Бейшемби күнү Мьянманын (мурдакы Бурма) борбору Рангунда өлкөнүн коопсуздук күчтөрү антиөкмөттүк демонстрацияга каршы ок ачты. Өкмөттүк булактар ок атуудан тогуз киши окко учуп, 11 киши жарадар болгонун билдирди. Батыш маалымат агенттиктеринин маалымдашынча, нааразычылык акциясын таркатуу учурунда жүздөгөн жарандар жана эки жүздөй кечилдер камакка алынган.

Мьянмада 20 жылга чукул бийликте отурган аскерий хунта бейшемби күнү эртелеп антиөкмөттүк толкундоолордун катышуучуларынан көчөлөрдү бошотууну, болбосо “катаал чара” колдонорун эскертти. Аскерлер кечилдер баштаган демонстранттарга каршы барууга даабай турган. Бирок, эскертүү жасалгандан көп өтпөй шаардын ар кайсы бөлүгүндө элди тарткатуу үчүн атылган октун үнү жаңырды.

Ошол эле тушта шаардын башка бөлүгүндө кечилдер мекендештерин аскерий өкмөткө баш ийбөөгө чакырып жатышты.

Бийликтердин маалымдашынча, бейшемби күнкү калабада ок жаңылып 9 киши, анын ичинде бир япон журналисти каза тапты. Он бир киши жарадар болду. Жүздөгөн адамдар жана кечилдер камакка алынганы кабарланууда.

Ордо шаардын четиндеги Суле бутканасынын жанындагы топту таркатуу үчүн адегенде көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын видеотасмалар көрсөттү.

25- сентябрда Рангунда аскерий хунтага каршы миңдеген адамдар катышкан ири демонстрация өткөн соң түнкүсүн коменданттык саат киргизилип, коомдук жайларда топтолууга тыйуу салынган эле. Ага карабай, элдик чыгуулар токтобой, шаршемби күнү чоң шаардын ар кайсы бөлүгүндө ок атылган.

Мьянмадагы тополоңго байланыштуу шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, кризисти токтотуунун жолун талкуулады. Бирок, Кытай каршы болгондон улам, демонстрацияга каршы күч колдонууну айыптаган резолюция кабыл алынбады. Мындай резолюцияны АКШ жана Евробиримдик сунуш кылган эле.

26- сентябрда Мамдепартаментинин өкүлү Том Кейси Бирма элине АКШ жана Евробиримдиктин тилектештигин билдирди:

-Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттары бурма эли менен тилектеш экенин билдиришет. Коопсуздук күчтөрү тынч өтүп жаткан демонстрацияны аткылап, чабуул жасаганы, көптөгөн бутпараз- кечилдерин жана башка адамдарды камакка алганы тууралуу кабар бизди аябай тынчсыздантты.

Президент Жорж Буш бейшемби күнү Мьянманын аскерий бийлигинен демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотууну талап кылды. Ушундай эле талапты Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы да жасады. Кытайдын тышкы иштер министрлиги биринчи ирет Мьянманын аскерий өкмөтүн жана каршы тарапты сабырдуулукка, ал эми эларалык коомчулукту өлкөнүн кризистен чыгуусуна жигердүү жардамдашууга чакырды.

Мьянмада 1988-жылкыдай жүздөгөн адамдардын каны төгүлөт деген кооптонуу Польшадагы демократиянын атасы Лех Валенса менен анын жоосу, мурдакы коммунисттик бийликтин лидери Войцех Ярузелскийди да элдештирди. Алар чогуу кайрылуу жасап, Мьянмарды Польша сыңары демократияга тынч, кансыз жол менен өтүүгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG