Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

КЭРОЛ УИЛЬЯМС: КЫРГЫЗДАР МОНТАНАДАГЫ ИНДЕЕЦТЕРГЕ ОКШОШ ЭКЕН


Маектешкендер: Элеонора Бейшенбек кызы, Төрөкул Дооров Кыргызстанда жакында Юта штатынын сенатору Жон Валлентайн менен Монтана штатынын сенатору Кэрол Уильямс иш сапар менен келип кетишти. Иш сапардын жүрүшүндө алар парламент, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Кэрол Уильямс айым “Азаттыкка” да келип, чакан маек курган.

- Кэрол айым, “Азаттыктын” студиясына кош келипсиз.

- Рахмат.

- Сиздердин иш сапарыныздардын алкагындагы жолугушуулар кандай өттү? Дегеле келген максатыңыздар кандай эле?

- Мындан мурдараак Юта штатына Кыргызстандын парламент өкүлдөрү келип кеткен. Алар биздин Монтана сенатында башчылардын көпчүлүгү аялдар экенин көрүп таңгалышкан болчу. Ошондон тартып менде бул жакка келип кетейин деген ой пайда болгон. Кыргызстанга келип, аялдардын саясаттагы орду жөнүндө парламент, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кеңири баарлашкым келген. Анан АКШнын мамлекеттик департаментинин программасы боюнча мени бул жакка чакырышты.

- Кэрол айым, бул маселе чынында эле Кыргызстанда курч тургандай. Кыргыз парламентинде бир да аялдын жоктугу көп сөздөрдү жаратып жүрөт. АКШнын малекеттик департаментинин “Ачык дүйнө” программасы боюнча кыргыз парламент өкүлдөрү да АКШга барып бир катар семинарларга катышып, сиздер менен жолугушуп жүрүшөт. Керол айым, айтсаңыз. Мына сиз аялдардын, балдардын дегеле социалдык көйгөйлөр жаатында көп иштеген экенсиз. Дегеле мындай алака-байланыштардан кыргыз тарап бул жааттагы абалды өзгөртүүдө сиздерден кандай тажрыйбаларды алалат?

- Биринчиден, негизги тажрыйба бул Американын Кыргызстанга болгон кызыгуусу. Мунун өзү эле көп нерсени айтып турат. Кыргызстандын саясий кырдаалында өзгөрүүлөр болгон турат. Мына референдум болгон жатат, анда жаңы конституция кабыл алынып, андан кийин жаңы парламенттик шайлоолор болот. Менин билишимче жаңы Конституця боюнча парламенттин отуз пайызы аялдар болушу керек экен. Мен ойлойм, эгер бул иш жүзүнө ашып калса, анда эң чоң кадам болот. Мындай кадам менен бизден дагы ашып кетесиңер го. Бирок мени ойлондуруп жаткан жери - референдумдан кийин парламенттик шайлоого чейинки убакыт. Мөөнөт өтө кыска болуп калса талапкерлерин чыгарабыз деген бейөкмөт уюмдар жетишпей да калышы мүмкүн.

- Референдумга коюлчу Шайлоо кодексинде партиялык тизменин 15 пайызы аялдарга берилген. Анан ушундай жобонун киргизилиши туура деп ойлойсузбу? Кошмо штаттарынын мыйзамдарында кандай? Атайын аялдардын бийликке келүүсүнө шарт түзгөн мыйзамдык жоболор барбы?

- Жок. АКШыда мындай мыйзамдын эквиваленти жок. Бул жерде айтып кете турган нерсе, менин штатым Монтанадан 1917-жылы дүйнөдө биринчи болуп парламентке аял шайланган. Ал Америка Конгрессиндеги биринчи аял болгон. Ошол убакта аялдардын шайлоого да укугу жок болчу. Бирок ошондон бери өнүгүп келе жатат. Конгрессте, штаттык деңгээлдеги конресстерде аялдардын саны көбөйүүдө. Бирок бул өсүү мен каалагандай тез болгон жок.

- Сиз бир катар адамдар менен жолугушупсуз. Парламент, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү менен дегендей. Анан алар эмне үчүн кыргыз парламенттинде аялдар жоктугунун себептерин айтып беришсе керек. Сизди кайсы себептер ынандыра алды? Маселен Кыргызстанда шайлоочулардын көпчүлүгү аялдар. Кээ бир пикирлер боюнча, аялдар аялдарга ишенбейт, ошон үчүн шайлашпайт деп айтылат. Же болбосо аялдардын дооматтары. Алар өлкөдө коррупция, бюрократия күч, эркектер акчалуу, мансаптуу , ошон үчүн орундарды сатып алышат, аялдарга жол бербейт дешет. Сиз кыргыз депуттары арасында эмне үчүн аял жок деген суроодо кандай тыянактарга келдиңиз?

- Мени жогорудагыдай себептер ынандыра алган жок. Кыргызстанда Америкадагыдай эле түйшүктөр бар. Аялдардын акчалары аз, ошондуктан эркектер менен көп учурда теңтайлаша албайт. Анан аял кишинин иши оорураак. Көпчүлүк учурда жумушундагы жана үйбүлөөсүндөгү жоопкерчиликтеринин көптүгүнөн улам аялдарда саясатка аралашууга деле убакыт калбай калат. Көп учурда аялдар кайсы бир тармакта же саясатта ийгиликке жетишүү үчүн эки эсе көп жана эки эсе жакшы иштеши керек болот.

- Американын кээ бир штаттары Кыргызстан менен жекеме-жеке кызматташканын билебиз. Монтана штаты менен аскерий жаатта кызматташуу болгону маалым. Анан Юта, Монтана штаттары тоолуу келип окшоштуктары да бар дешет. Сиз мындай окшоштуктарды байкай алдыңызбы?

- Ооба, байкадым. Бул жакка келерден мурда эле мындай окшоштуктарды билгем билгем. Тоолор, дарыялар, жаратылышы эмес, элдер дагы окшош. Себеби Монтана штатында америкалык индеецтер көп. Алар бир жагынан кыргыздарга окшоп кетет экен. Ошондуктан Кыргызстанга келип, тоолорду, элдерди көргөндө өзүмдү Монтанада жүргөндөй эле сездим. Экинчи окшоштук, бул экономиканын негизи болуп эсептелет. Бизде да айыл чарба тармагы өнүккөн. Карагай сатуу, көмүр чыгаруу жактарында окшоштуктар бар.

- Кэрол айым, Кыргызстандын билим министри менен да жолугуп сүйлөшкөнүңүздөрдү уктук. Анда кыргызстандык студенттерге Америкадагы окуу жайлардан көбүрөөк орун бөлүп берүү тууралуу сөз жүрүптүр. Ушул жатта кандайдыр бир келишимдер түзүлдүбү?

- Тилекке каршы мен бул келгенимде Монтана университетинен конкреттүү сунуштарды алып келе алган жокмун. Бирок Монтана университети бул жактагы студенттер менен көптөн бери байланышып эле жүрөт. Ал университетте билим алып жатан кыргызстандык студенттер көп. Жакында эле биздин университеттин юридикалык факультетинин профессорлору Ош мамлекеттик университетинде эки ай сабак берип кетишти. Мага алар кайра дагы келип иштеп кеткенге кызыкдар экенин айтышты. Мен да бул иштерди колдойм жана биздин пландарда карым-катышты мындан ары көбөйтүү бар.

- Референдумга коюлчу Шайлоо кодексинде партиялык тизмеден он беш пайыз орун жаштарга да берилет. Америкада бул жаатта кандай?Кэрол айым, сиз кыргызстандык жаштардын өкүлдөрү менен жолуга алдыңызбы? Ал жолугуушуулардан эмнелерди байкай алдыңыз?

- Бизде жаштардын парламентке келишин шарттаган атайын мыйзамдар жок. Бизде парламентте ат салышуучу талапкерлердин жашы 25тен жогору болушу керек. Кээ бир штаттардын парламенттеринде жаштардын өкүлдөрү бар. Алар жаштардын кызыкчылыктарын жакшы эле коргоп колдоп келишет. Бул жактан мен студенттер менен жолуктум. Мага студенттердин өздөрүнүн проблемалары тууралуу ачык айткандары жакты. Алар Америкага барганды, бул өлкө тууралуу көбүрөөк билгиси келгендерин, билим берүү жаатында алмашуу программаларынын көбүрөөк болушун каалашаарын айтышты.

-Кэрол, айым, куруп берген маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG