Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

ЖАҢЫ ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ ЭСКИСИНИН “ТААСИРИНЕН” АРЫЛА БАШТАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Борбор Азияда өзү аз эле адамдар майлуу токоч жеп, калганы кыйынчылыкта жашайт. Бул Түркмөнстанга да тиешелүү. Түркмөнстандын жаңы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов да кландардын үстөмдүгү менен непотизмди жоюу вазыйпасында ич жылытарлык иш кыла албай тургандай көрүнөт.

Түркмөнстан буга чейинки президент Сапармурат Ниязовдун жетекчилиги астында постсоветтик Борбор Азиядагы беш жумурияттын ичинде эң авторитардуу мамлекет аталып келди. Азыр деле жаңы президент да, Ниязовко окшоп, авторитардык лидерге айлана тургандай болуп турат.

Анткени Бердымухаммедов негизги тармактарды либералдаштырууда аз эле аракет көрдү. Кээ бирөөлөр ошону да маанилүү өзгөрүш деп атап, демократияга багыт алууга арналган жакшы кадам дешүүдө. Бирок көпчүлүктүн айтымында, анын баары көз боемочулук иретинде эле жасалып жаткандай.

Бердымухаммедов буга чейинки Ниязов доорунда иштеген айрым расмий адамдарды иштеп кетирди. Мисалы, жакында эле, 8-октябрда, Улуттук Коопсуздук министри Гелдимухаммед Аширмухаммедов менен Ички иштер министри Кожамурат Аннагурбанов кызматынан алынышты.

Оппозициялык “Гундогар” интернет-сайты жазышына караганда, алардын экөөнө тең кылмыш иштери козголгон.

Президент болсо ал чечими тууралуу сыналгы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө буларга токтолду.

- Акыркы учурда Ички иштер министрлигинин иши өтө эле начарлап кетти. Мен буга чейин айткандай, милиционерлер арасында паракордук кайра күчөдү. Ички иштер министрлиги менен анын кызматкерлери бийлигинен ашкере пайдалана башташты, - деди түркмөн президенти Г.Бердымухаммедов.

Баарынан да, Ниязовдун эң жакын кеңешчиси, президенттик күзөттүн таасирдүү жетекчиси, генерал Акмурад Режеповдун кызматынан алынып, камакка отургузулушу Бердымухаммедов мурдагы топко каршы урган эң оор сокку болуп калды.

Ниязов үчүн учурунда өлкөдө табышмактуу бизнес жасап, президенттин мүлкүн башкарып келген жакын санаалашы Мурад Агаев да узак мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Бирок жаңы президенттин чыныгы максаты өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүү болсо, муну менен ал дурусураак өзгөрүүгө алып келе алабы?

Жон Маклеод – Тынчтыкты жана Согушту чагылдыруу институтунун Лондондогу баш кеңсесиндеги редактор. Анын айтымында, азыркы система чыныгы өзгөрүүлөргө алып келиши күмөн.

- Түркмөнстанда авторитардык бул система толук жок болмоюн - ал көпкө чейин сакталат деп ойлойм – ал жакта реформаларда өзгөрүүлөр болушу кыйын. Анткени бул өңдүү система өзү эч кандай өзгөрүүнү алып келүүгө негизделген эмес, - дейт Жон Маклеод.

Ошентсе да, Бердыммухамедов көзгө басарлык реформаларды аткара алат деген үмүт бар экенин да кошумчалайт Маклеод. Бирок президент, анын ишениминде, административдик күчтүү машинаны өзгөртө албайт, анткени анын ичиндеги көптөгөн адамдар андан пайда көрүп жатышат жана анын мүмкүн болушунча көпкө сакталып калышын самашат.

XS
SM
MD
LG