Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

ЕВРОБИРИМДИКТИН КОМИССАРЫ БОРБОР АЗИЯГА ЭМНЕ ИЗДЕП КЕЛДИ?


Үстүбүздөгү аптанын башында Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Хавьер Солана Ашхабад, Астана жана Бишкекте болуп кайтты. Даражалуу коноктун визити Евробиримдик менен Борбор Азия ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багыттады. Байкоочулар сапар учурунда Солана Түркмөнстан менен Казакстанды Батыш Европаны газ менен камсыздоочу Nabucco газ боросуна тартуу үчүн астейдил аракет кылганына көңүл бурушту.

Вильнюстагы энергия коопсуздугуна арналган эларалык конференцияда Литва президенти Валдас Адамус энергокамсыздоочулар менен сүйлөшүүдө Евробиримдик “бирдиктүү саясатты” карманбаганына өкүнүчүн айтып жатканда, Хавьер Солана Астанада Nabucco долбоорунун камын жеп жүрдү. Nabucco Каспий газын Россияны кыйгап, Батыш Европага чыгарууну көздөгөн үлкөн долбоор. Түркиядан башат алып, Болгария, Румыния, Венгрия, Австрия жеткен газ боросу 2008- жылы башталып, 4 жылда бүтүш керек. Болжолдуу наркы 6 миллиард долларлык боро пайдалануудагы Баку- Тбилиси- Эрзерум боросуна туташат. Ошон үчүн, Евробиримдик Каспийдин асты менен өтчү Транскаспий боросун курулушуна кызыкдар. Муну Хавьер Солана президент Назарбаев менен Астанада болгон сүйлөшүүдө ырастады:

-Бул долбоорду ишке ашыруу керек. Албетте, биз жана ар тарап боронун али курула элек бөлүгүн курчу компанияны табышыбыз шарт. Региондун газын Европага жеткирүү проблемасын чечүүдө Транскаспий боросу өтө маанилүү жолдордун бири болорунан шек жок.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана Ашхабадда президент Бердымухаммедов менен да Транскаспий долбоору, ошондой эле Түркмөнстанды Nabucco газ боросуна кошуу жагын сүйлөшкөн. Маалыматтарга карганда, президент Бердымухаммедов конокко арсар жооп берип, куру кол узаткан.

Солана Астанада Казак өкмөтү менен Италиянын Eni компаниясы башындагы эларалык концорциум ортосундагы чатак жакында чечилет деген да тилегин айтты. Eni Каспий жээгиндеги килейген Кашаган мунай кенин 2005- жылы ишке киргизүүнүн ордуна 2008- жылга калтырып, долбоордун наркын эки эсеге кымбаттаткан же 137 миллиард долларга чыгарып жиберген. Ошонон кийин президент Назарбаев 1997-жылы Eni менен түзүлгөн келишим бузулат деп, концорциумдун шаштысын алганда Италиянын премьер- министри Романо Проди Астанага шашылыш жетип келди.

-Инвесторлор кол койгон келишимин аткарбаса, Казакстан өз мыйзамдарына ылайык чара көргөнгө акылуу,-деди Назарбаев Романо Проди менен Астанада өткөн сүйлөшүүдө. Продинин сапары майнап берген сыяктанат. 20- октябрга Eni башындагы концорциум менен Казак тараптын бир бүтүмгө келери айтылууда.

XS
SM
MD
LG