Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

ГРУЗИЯДА ГОМОСЕКСУАЛИЗМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЧУУ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Грузиянын сыналгы каналында түз обого чыгуучу бир программадан жаш жигит кууп чыгарылгандыктан өлкөдө чоң чуу чыкты. Жигиттин өзүнүн айтымында, продюсерлер аны - гомосексуал болгону үчүн программадан чыгарышты, ошондуктан ал эми сотко кайрылат.

Мындан үч жыл мурда Грузияда "жибек революциясы" ишке ашкандан кийин өлкөдө көп өзгөрүүлөр болду, эл аралык уюмдар Грузияны сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу же ишкердүүлүк үчүн түзүлгөн шарттар боюнча башка мурдагы советтик жумурияттардан өйдө коет. Анткен менен Батыш уюмдары тарабынан Грузияга каршы сын да айтылат.

Өткөн июлда Грузияда - "Баарыбыз ар башкабыз, бирок укуктарыбыз тең" деген ураан алдында демонстрация даярдалып жаткан, бирок "Алиа" деген гезит - аны гомосексуалдар уюштуруп жатат деп жазып чыккандан кийин, демонстрацияга тыюу салынган. Аны менен байланыштуу европалык уюмдар Грузия жетекчилигин сынга алган.

Жакында болсо өлкөнүн "Рустави-2" деген сыналгысында обого түз чыгуучу шоу башталды жана ага 11 жаш адам катышууда. Бирок программа алгачкы жолу обого чыккандан кийин, ага катышкан Пака Табатадзе деген жигит мелдешкендердин катарынан чыгарылды.

Табатадзенин өзүнүн айтымында, программа учурунда ал гомосексуал экени жөнүндө айткан жана шоудан ал ошол үчүн кууп чыгарылды: "Антип айтыш керек деп мага программанын продюсерлери билдирген. Аны алар менин программага катышканымдын шарты катары да койгон. Андан маселе чыгышы мүмкүн экенин алар, албетте, түшүнгөн. Эгер менин керегим жок болсо, алар мени программага албаш керек болчу. Мен аларга керек болгонумдан кийин, эмне үчүн мени кууп чыгышты?" - дейт Табатадзе.

Сыналгынын баш деректири Коба Даварашвили - Паконун шоудан чыгарылганынын себеби анын гомосексуал экени менен байланыштуу болгонун 14-октябрда моюнга алды. Телеканалдын дирекциясынын айтымында, өлкөнүн диний жетекчилиги дагы өз нааразылыгын билдирген, бирок Диний башкармалык - ал программа менен байланыштуу эч кандай көрсөтмө бербегенин айтууда.

Табатадзе болсо сыналгыны сотко берүүгө даярданууда: "Мен муну жөн калтырбайм жана абалды өзгөртүү үчүн колуман келгендин баарын жасайм. Мен аларды кечирбейм, көчөдө калып, асынып өлмөк белем. Мен жөн калбайм, мен оюнчук эмесмин", - дейт Пако.

Анткен менен адвокат Сопо Жапаридзенин пикиринде, бул маселеде грузиялык сот Пакону колдоору күмөн: "Грузия конституциясынын 14-беренесинде - расасы, улуту, жынысы же башка өзгөчөлүктөрүнө карабай, бардык адамдардын мыйзам алдында укугу тең деп жазылган. Тилекке каршы, гомосексуалдар бул беренеде аталган эмес. Эл аралык практика боюнча, мындай жазылган берене боюнча алардын укугу корголот, бирок биздин соттор, биздин укукчулар антип ойлобойт. Ошондуктан маселе чыгууда - кимдир бирөө, мисал үчүн, Конституциялык сотко кайрылып, 14-берене менен корголгон анын укуктары бузулуп жатканы жөнүндө айтса, эмненин негизинде дискриминация болгонун сот так аныктай албайт", - дейт адвокат.

XS
SM
MD
LG