Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Экс-президент Аскар Акаевдин мүлкү боюнча козголгон 106 кылмыш иштин он сегизине тергөө убактылуу токтотулду. Ал эми калгандарынын ичинен 30 иши бириктирилип, көпчүлүгү ар кандай негиздер менен кыскартылган жана токтотулган. Айыпкер саналгандардын ичинен түрмөгө отургузулгандар боло элек. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура билдирди.

Башкы прокуратуранын кылмыш жана оперативдүү издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Абдыганы Шерипбаев бүгүн журналисттерге билдиргенине караганда, Аскар Акаевдин президент кезинде кылмыш жасагандыгы тууралуу далил табылган эмес:

- Аскар Акаевичтин өз колу менен кылмыш жасагандыгы жөнүндө бизде бир дагы далил же факт жок. Ошондуктан, биз ал кишиге кылмыш ишин козгой элекпиз.

Бирок экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдарга, күйөө баласы Адилге жана жубайынын туугандарына, экс-премьер министр Николай Танаевге каршы козголгон кылмыш иштери аягына чыга элек. Алар убактылуу токтотулуп коюлган 18 иштин ичине кирет:

- Мен айтып берейин, Айдар Акаевдин кылмыш иши, Танаевдин кылмыш иши, Адил Тойгонбаевдин кылмыш иши, Жамакеевдин кылмыш иши, Жамакееванын кылмыш иши, Кашкараевдин, Жээнбековдун, Касымовдун кылмыш иштери. Булардын бардыгына издөө жарыяланган. Ошондуктан, булардын турган жери аныкталбагандыктан, кылмыш иштери токтотулган, - деди Шерипбаев.

Өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыктын башчысы Учкун Каримовдун айтымына караганда, мамлекеттик мүлккө чоң зыян келтирди деп, бир нече факт боюнча айыпталып жатышкан Айдар Акаевди, Адил Тойгонбаевди, Николай Танаевди Казакстан менен Орусия Кыргызстанга өткөрүп берери да күмөн:

- Баласына биз издөө жарыялаганбыз. Аны өткөрүп берүүдөн Орусия эки ирет баш тартты. Муну Орусия Федерациясынын көз карандысыздыгынын коопсуздугу менен негиздеп жатышат.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда, Акаевдерге мамлекетке 545,1 млн сом, 32 млн. доллар зыян келтирди деген күнөө коюлган. Кыйла байкоочулар Акаевдерге байланышкан ишти терең иликтөөгө азыркы бийлик ынтызар эмес деп эсептешүүдө. Экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров мунун себебин Акаев баштаган кылмышка шектүү адамдардын Орусиянын колдоосунда болуп жаткандыгы менен байланыштырды:

- Орусия орус улутундагы Кыргызстандан качып баргандардын бардыгына жарандык берди дагы бизге берүүдөн баш тартып коюшкан. Мына Акаевге да алар жарандык беришти. Аны сурак кылганга жол бербей атышат.

Бекназаров Акаевге айып тагууга негиз жок деген жөн гана шылтоо деп эсептейт. Чын-чынына келгенде, Аксы окуясы, тышкы карыздар, көп жыл бою бийликти басып алгандыгы боюнча кылмыш козгоп, кол тийбестиктен ажыратуу маселесин көтөрүүгө толук негиз бар. Бирок, Акаевдин кадрлары бийликте турганда, Орусия жана президенттер бири-бирин колдоп турган шартта Баш прокуратура мындай кадамга бара албайт дейт Бекназаров.

Адвокат Акин Токталиев, тескерисинче, Акаевдердин айланасындагы кылмыш иштердин бардыгын саясий оюндардын туундусу катары санайт. Адвокат чын-чынына келгенде козголгон кылмыш иштеринин биринде да кылмыш курамы жок, ошондуктан, Баш прокуратура бул ишти акырындык менен кыскартууга баратат деген ойдо.

Башкы прокуратура Аскар Акаев жана анын жакындарына таандык мүлктү иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын тыянагы боюнча кылмыш козгогон. Комиссия 24-март окуясынан кийин дароо түзүлүп, ага ошол кездеги 1-вице-премьер министр Данияр Үсөнов жетекчилик кылган. Акаев жана анын тарапкерлери муну жаңы бийликтин саясий куугунтугу катары баалаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG