Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

“ЖАШЫЛДАР” КЫМБАТЧЫЛЫККА КАРШЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ


Бүгүн Бишкекте “Жашылдар” партиясы “Ачка Кыргызстан Референдумга каршы” деген аталышта митинг өткөрдү. Митингге партия мүчөлөрү, жер-жерлерден келген пенсионерлер жана алданган аманатчылар катышты. Нааразылык акциясын өткөрүүгө бийлик тарабынан ачык бут тосуулар болбогону менен, үн күчөткүч аппаратуралар, ураан-чакырыктар жазылган плакаттар жүктөлгөн автомашина партиянын эки активисти менен кошо камакка алынды.

Митингде чыгып сүйлөгөндөр азык-түлүк бааларынын кескин кымбаттаганына байланыштуу айлык акы, пенсия, стипендиялардын да теңме-тең көбөйтүлүүсүн талап кылышып, Референдумга - “жок” деп айтууга чакырышты.

Митингге чыккан карыялар негизинен азык-түлүк бааларынын, анын башында нандын кымбаттаганына нааразылыгын билдирип жатышты. Москва районунан келген Уруйпа аттуу аял төрт баласын багуу оор болуп калганынан, бийликтен үмүтү калбагандыгынан улам митингге келген:

-Мен төрт баламды кантип багам баа минтип өсө берсе. Азыр да аз эмес таштанды чукуп күн көргөндөр. Мен балдарымдын келечеги ошондой болуусун каалабайм. Ушул үчүн чыктым мен митингге.

“Жашылдар” партиясынын митинг өтөрү тууралуу билдирүүсүнө шаар бийлиги Референдумга чейин нааразылык акцияларын өткөрбөй турууга үндөп, эгер буга макул болушпаса чара колдонуларын жооптогон. Бүгүн митинг өткөрүүгө бийлик тарабынан ачык тоскоолдук болбогону менен үн-күчөткүч аппаратура, ураан-чакырыктар жазылган плакаттар жүктөлгөн автомашина камакка алынды. Ошондой эле партиянын эки активисти Артур Рудгольф менен Каныбек Сарымсаковду милиция кызматкерлери кармап, Биринчи Май РИИБнө алып кетишкен. Буга карата пикирин “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев төмөнкүчө билдирди:

-Жаңы эле биздин эки активистибизди милиция кармап кетти. Аянтты тегеректеп турган милициялар митингге келаткандарды кармап, өткөрбөй атышат. Биздин бүгүнкү бийлик элдин турмушун, социалдык абалды оңдоодон көрө өздөрүнүн бийликти ээлеп алуу аракеттерин жүргүзүп атышат. Алар 500 сомдон ун берип, элдин добушун сатып алууга аракеттенип атышат. “Жашылдар” партиясы референдумга жок деп айтат. Референдумга ЖОК! -деди Эркин Бөлөкбаев.

Алатоо аянтында бир аз тургандан кийин митинггчилер Революциянын каармандарынын эстелигин карай жөө жүрүш менен барып, иш-чараны ал жерден улантышты. Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да митингге келип, милиция тарабынан партия мүчөлөрүнүн жана автомашинанын камакка алынышы туура эмес деп айтты:

-Бөрк ал десе, баш алып атышат да. Алардын камалганын мен азыр уктум. Туура эмес да бул. Мен айттым: азыр чыгаргыла деп. Чыгарбасак болбойт. Ар бир адам тынч оюн айтсын деп он жылдап күрөшкөнбүз, -деди Турсунбек Акун.

Митингге баш-аягы болуп, 100дүн тегерегинде адам катышты. “Жашылдар” партиясы митингге көп эл топтой албайт, аларды эл колдобойт деген пикирлер буга чейин да айтылып келген. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев митингдин аталышынын өзү элди чочулатып турат деп эсептейт:

-“Ачка Кыргызстан” деп атоо эмне деген мазактоо? Ооба, ач-ток калып жүргөндөр бар. Бирок ошону өзгөчө басым кылып, аны лозунг кылып алуу туура эмес.

Элдин мындай аз өлчөмдө келишине милициянын жана бийликтин тоскоолдугу себеп болду деп эсептейт митингге катышып аткан “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева:

-Токтотуп атышат. Машинелерди, автобустарды токтотту. Элди токтотту, мына биз турабыз, бизди да токтотуп, “кайда барасыңар, артка кайткыла”, деп талап кылышты. Мындан тышкар шаар мэринин милдетин аткаруучу күнүгө телевизордон чыгып айтып атпадыбы: “биз уруксат берген жокпуз, эч кандай митинг болбойт”, деп. Аны уккандар да билбей, келбей калышты.

Асия Сасыкбаева “Ата мекен” саясий партиясы Референдумга каршы экендигин кошумчалады.

Митингдин катышуучулары түштөн кийин тарап кетишти. Милиция тарабынан кармалган үн күчөткүч аппаратура жана плакаттар жүктөлгөн автонунаа, партиянын эки мүчөсүн бошотуу үчүн адвокат иштеп жаткандыгы маалымдалды. Учурда алар Биринчи май райондук милициясында кармалып турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG