Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Дүйнөдө ар жылды ар кандайча жарыялап көрдүк. Ойлоп көрсөк, толеранттуулуктун да, үй-бүлөнүнүн да, жаш балдардын да жылдары болуптур. Эми бул ирет кезек жашылча-жемиштерге келген окшойт, Бириккен улуттар уюму келерки жылды “Картөшкө жылы” деп жарыялап салды.

Муну тамаша деп ойлодуңузбу? Бирок бул демилгени көтөрүп чыккандардын мындагы максаты тамашага такыр жакындашпагандай.

- Эларалык Картөшкө жылына ураан сөз ойлоп жатып, аны “Бекитилген кен-байлык” деп атоону эп көрдүк. Биз келерки жылдын ушундай ураан менен өтүшү дүйнөнүн өнүгүп жаткан бөлүгүндө бул азыктын чыныгы маанисин, потенциалын билүүгө жардам берет деп ойлойбуз.

Бул – Улуттар уюмундагы Тамак-аш жана Айыл-чарбасы уюмунун Жашылча-жемиштерди коргоо жана Өстүрүү бөлүмүндө иштеген Алисон Ходдер айымдын пикири. Анын айткандарына караганда, Эларалык Картөшкө жылынын негизги идеясы – бул азыктын өнүгүп жаткан өлкөлөрдө маанисин арттырып, жакырчылыкты жоюу үстүндө Улуттар уюму аткарып жаткан иштерди пропагандалоо окшойт.

Алгачкы ирет картөшкө Түштүк Америкада пайда болгон. Кийин, 16-кылымда аны Европага алып келишти. Бирок ал ошондон кийин деле дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө тез тарап кетти деп айтууга болбойт. Анткени адамдар аны малдын жеми деп ойлочу. 1800-жылдарда гана ал европалыктардын, андан ары башка континенттердеги элдердин дастарконунан орун таба алган. Азыр болсо, картөшкө ун-дан азыктары, ошондой эле, күрүч менен кошо элдер эң көп колдонгон азык-түлүктүн катарына кирет.

Өзгөчө өнүгүп бараткан өлкөлөрдө, мисалы, Кытай менен Индияда, аны өндүрүү мындан 40 жыл мурдагы абалга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн жана алар дүйнөдө картөшкө өндүрүү боюнча эң алдыңкы орунда турушат.

Кыргызстан, жалпысынан, көртөшкөнү өзү эле өндүрөт. Картөшкө өстүрүү менен көптөн бери алектенип келаткандардын бири, Талас районунун Манас айылынын тургуну Төрөбай Көкөбаев Улуттар уюмунун чечимин жылуу кабыл алганын айтат.

- Дүйнөдө картөшкөнү өстүрүүгө жакшыраак көңүл бурулса, бизге да иштегенге жеңилирээк болмок. Анткени, буга чейин, мисалы, картөшкөнү “колорадалык коңуз” басып кетип, аябай эле кыйналып кегенбиз. Азыр эми көп мамлекеттерден ага каршы дары келип жатат. Мисалы, азыр эгиндин үрөөнүн тигээрдин алдынан эле дарылап, отургузуп койсо, коңуздун машакатынан арылат экенсиң. Экинчиден, мамлекет эми жер семирткич жагынан жардам берип турса, жакшы болмок. Ошондо түшүмдүүлүк 30%ке жогорулайт экен.

Төрөбай аганын айтымына караганда, колхоздор жоюлуп, дыйкан чарбалар пайда болгондон бери эле Талас районунда эл картөшкө эгип, жан багып келатат. Анткени жергиликтүү климаттын шартына да туура келет окшойт.

- Менин үй-бүлөмдө балдарым кичинекей болгондуктан, азырынча 70-80 сотке жерге эле эгебиз. Ал жерди жакшылап карап өстүрсөк, 20-25 тонна картөшкө алабыз. Пайдасы жакшы эле, - дейт Талас районунун Манас айылында жашаган Төрөбай Көкөбаев.

Улуттар уюмунун чечими чындап эле ишке ашып, дүйнөдө айыл-чарбасына көңүл бурулса, кичине болсо да жакырчылыкты жоюуга мүмкүн болсо, бул демилге тамаша катарында таанылбай калышы деле мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG