Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

АКШ президентинин администрациясы Конгрессте армян кыргыны боюнча мыйзам долбоору добушка салынбайт деп үмүттөнөт


Бул тууралуу мамлкеттик департаментин өкүлү Том Кейси билдирди. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси ушул аптада мыйзам колдоочулар азайганына байланыштуу добушка коюлбай калышы мүмкүн экенин ишара кылган эле. Өткөн аптада Эл өкүлдөр палатасынын тиешелүү комитетинин өткөн мыйзам Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал кездеги Осмон империясы тарабынан бир миллиондон ашуун армяндын жок кылынышын геноцид катары тааныйт. Президент Буштун администрициясы жана Түркия мындай документ эки өлкөнүн алакаларына доо кетирерин эскерткен. Бул аралыкта түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Арменияны элдешүүгө жана диалогко чакырды. Бирок, ал "Уолл Стрит Жорнэл" басылмасынын бүгүнкү санындагы интервьюсунда белгилегендей, кийинки кадамды Ереван жасашы керек.

XS
SM
MD
LG