Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Пакистандын мурдагы премьер- министри Беназир Бхутто өлкөдөгү соңку жардырууларды айыптады


Бомба жардыруулар кечээ кечинде Карачи шаарында Беназир Бухуттону коштогон автокербендин жолунда болду. Сегиз жылдык сүргүндө соң мекенине кайтып келген мурдагы премьер- министрди тосуп үчүн кечээ Карачинин көчөлөрүнөн анын миңдеген жактоочулары чыккан эле. Эки жолку жарылуудан кеминде 130тан ашуун киши каза тапты, дагы жүздөгөндөрү жаракат алды. Андан аман калган Беназир Бхутто бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргендей, жардырууну эки жанкечти жасаган, анын жактоочулары "демократия үчүн шейит кетишти". Бхутто ошондой эле өз өмүрүнө кол салуу аркетин уюштурганы үчүн Пакистандын мурдагы аскерий башчысы, маркум Зия уль-Хактын тарапкерлерин айыптады. Ал Пакистан бийликтерин тезинен расмий иликтөөнү баштоого чакырды. Бхуттонун айтымында, жарылуу орун алган кезде аны автокербени кетип бара жаткан жолдо жарык өчүрүлүп коюлган. Эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ, Улуттар уюму, Евросоюз, Орусия, Индия, Ооганстан Беназир Бхуттонун өмүрүнө кол салуу аракетин кескин айыпташты. Пакистан президенти Первез Мушараф бул окуяны "демократияга каршы жасалган кутумчулук" деп атады.

XS
SM
MD
LG