Бул тууралуу президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев «Азаттыкка» 19-октябрда билдирди. Анын айтымында, парламентти таркатуу тууралуу президенттик администраицяда «жардык даяр экен» деген сөздөр саясатчылардын ой жоорумдарынан пайда болушу ыктымал. Андай ойлорго 2003-жылкы конституцияга ылайык президент парламентти таркатууга укуктуу, ал эми 21-октябрда кабыл алына турган конституцияда президентке андай укук каралбаганы негиз болушу мүмкүн. (AiT)