Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Жаннат Токтосунова, Бишкек Референдумга коюлган Конституция долбооруна ылайык, айыл өкмөт башчылары райондук администрация башчыларынын көрсөтүүсү менен жергиликтүү кеңештер тарабынан шайланат. Президент Курманбек Бакиев Конституция долбоорундагы бул норма айыл өкмөт башчылыгына адистердин келүүсүнө жол ачып, айыл өкмөт шайлоолорундагы элдин уруу-уруу болуп болүнүп-жарылуусун токтотот деп айтып келет. Айрым серепчилер муну менен бийликти децентралдаштыруу жараяны артка кетип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аткаруу бийлигине жана президентке түздөн-түз көз каранды болуп калууда деп эсептешет. Ал эми кадимки айыл тургундары кандай ойдо?

Ысыката районундагы Сынташ айыл өкмөтүнө сегиз айыл карайт. Калмурза Кожомкулов бул айыл өкмөтүнүн башчысы катары экинчи мөөнөтүн өтөп жатат. Ал референдумга коюлган Конституциядагы өзгөрүүлөр тууралуу кабардар. Анын айтымында, айыл өкмөтү аким тарабынан көрсөтүлөбү же аны эл шайлаган бойдон кала береби, акимге же калкка отчет береби, эң негизгиси айыл өкмөтүнүн эл алдында жүзү жарык болушу керек

Сынташ айыл өкмөтүнүн кадимки тургундары болсо жаңы Конституциянын акы-чүкүсүнө чейин билбесе да, айыл өкмөтүнө байланышкан өзгөрүүдөн маалымдар. Эмнегедир алардын көпчүлүгү айыл өкмөт башчысынын аким тарабынан көрсөтүлүшүнө каршы коз карашын билдиришти:

- Эл шайлаган жакшы. Аким дайындаганы жакпайт бизге.

- Эл шайласа жоопкерчилик болот да эл алдында. Биз айыл өкмөтүнө барып: “Байке, эмне үчүн ишти туура эмес аткарып жатасыз?” – деп сурай алабыз жок дегенде.

- Аким өз кишисин коет. Элдин козү болсо тараза – ким иштей алайт, ким иштей албайт – баарын байкап туруп тандамак.

Тельман айылынын тургуну Бакыт Базарбаев бул пикирлерге кошулбайт:

- Азыркы убакта айыл өкмөттөрүн түздөн-түз акимдер аркылоо дайындоо туура деп эсептейм. Себеби шайлоо болгондо бир айылдын эли уруу-урууга бөлүнүп-жарылып баштайт. Кимдин тууганы көп болсо, ошолор шайланып, иштейт турган адамдар калып калат.

Президент Бакиевдин тикелей башкарууну күчөтүү керек деген оюн Тельман айылындагы Карыпбай Курманов атындагы мектептин мугалими Шабдан Шаршеев колдойт. Бирок тикелей башкарууну жогору жактын көрсөтүүсү менен күчөтүү туура эмес дейт ал:

- Бийлик даракка окшоп ылдый жактан өсүп чыгуусу керек. Жаштар ылдый жактан өсүп, көтөрүлүп, өз эмгеги менен жогорку даражага жетүүсү шарт.

Жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу боюнча мамлекеттик Агенттигинин статс-катчысы Бахтияр Фаттаховдун айтымында, айыл өкмөт башчысын аким көрсөткөнү менен, аны айыл кеңеши шайлайт. Жаңы баш мыйзамда дал ушул айыл кеңешинин ролу кеңейтилип, аны менен жоопкерчилиги да көбөйтүлгөн. Андыктан муну жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу органдарын реформалоодогу жаңы баскыч катары баалаш керек дейт Бахтияр Фаттахов:

- Айыл өкмөтүн кызматка бекитүү да, бошотуу да маселесин айыл кеңешинин депутаттары чечип баштайт. Ошондуктан эл да жергиликтүү кеңешке ишти билген, тажрыйбалуу адамдарды шайлашы керек.

Кыргызстанда мурун да, 1996-жылдан 2001-жылга дейре айыл өкмөт башчыларын андан бийик турган бийлик органдар дайындаган. Бул мезгилде айыл өкмөт башчыларынын 112 % алмашкан. 2001-жылдан тарта айыл өкмөт башчыларын эл шайлай баштап, бул көрсөткүч улам ылдыйлай берип, учурда 27% барабар.
XS
SM
MD
LG