Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

НАТО ЖАНА ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ ГРУЗИЯНЫН МҮЧӨ БОЛУП КИРИШИНЕ ЕВРОПАДА КОЛДОО КҮЧТҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага Португалиянын борбор шаарында болуп өткөн Европа Биримдигинин саммити менен удаа Лиссабондо Европанын элдик партиясынын дагы жыйыны өттү жана ага Грузия менен Украинанын жетекчилери конок катары катышты. Курултайдан кийин Грузия президенти Саакашвили билдиргенге караганда, өлкөнүн НАТО уюмуна жана Европа Биримдигине мүчө болуп киришине колдоо көрсөтүлдү.

Жалпы Европа Биримдигинин партиясы болуп эсептелинген жана негизинен консерваторлорду бириктирген Европанын элдик партиясынын курултайы Лиссабон шаарында 18-октябрда өткөрүлдү. Анын ишине катышуу үчүн Украинанын президенти Виктор Ющенко менен өлкөнүн жакында премьер-министри болуп дайындалышы мүмкүн Юлия Тимошенко, андан тышкары Грузиянын президенти Михаил Саакашвили конок катары чакырылган.

Куралтайда Украина менен Грузия келечекте сөзсүз Биримдикке дагы, НАТО уюмуна дагы мүчө болуп кошулуш керек деп көп айтылды. Ал тууралуу партиянын төрагасы, Бельгиянын мурдагы премьер-министри Вилфред Мартенс, мисал үчүн, ачык айтты: "Келечекте Украина менен Грузия Европа Биримдигине мүчө болуп киришин биз каалайбыз. Европанын өзүнүн да максаттары бар, анын үстүндө биз иштеш керекпиз. Ошондуктан биз биринчи кадам катары, байкоочу партия катары президент Саакашвилинин партиясын өзүбүзгө мүчө кылып кабыл алабыз", - деди Мартенс 18-октябрда.

Жыйында Грузияга көрсөтүлгөн колдоо канчалык күчтүү болгону тууралуу президент Саакашвили дагы билдирди, анткен менен чыныгы мүчөлүк жөнүндө сөз кылуу же кайсы бир мөөнөт белгилөө азырынча эрте экенин дагы ал моюнга алды: "НАТО уюмуна мүчө болуп кирүү багытында, ал жолдо биринчи жасалган кадам катары 'Мүчөлүк боюнча планга' кошулуу максатында бул биз үчүн өтө маанилүү мүмкүнчүлүк. Биз өз мамлекетибизди Европага көрсөтүп жатабыз жана Европа Биримдиги менен кызматташууну кеңейтүүдөбүз. Ошол эле учурда биз, өзүңөр билесиңер, мүчөлүк жөнүндө азырынча сөз кылган жокпуз", - деди Саакашвили.

Көптөгөн эксперттин пикиринде, европалык партиялар жана айрым саясатчылар Грузиянын НАТОго же Европа Биримдигине киришин колдогонун - ал уюмдар жана алардын мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери расми түрдө андай мүчөлүккө колдоо көрсөткөнү деп эсептебеш керек. Алар өздөрү окуялардын ошондой өнүгүшүнө каршы эместир, бирок чечим кабыл алууга келгенде геосаясий абалды дагы эске алып, тиги же бул кадамдын аягы эмне менен бүтөөрү мүмкүн экенин жана, мисал үчүн, Орусия сыяктуу мамлекеттер ага кандай карай турганын дагы эске алууга милдеттү.

Ошондуктан НАТО жана Европа Биримдигинин жетекчилигиндеги Грузиянын мүчөлүгү тууралуу пикирлер ар башка. Анткен менен АКШ Конгресси үстүбүздөгү жылдын башында атайын мыйзам кабыл алып, Албания, Грузия, Македония, Украина жана Хорватиянын НАТО уюмуна мүчө болуп киришине көмөктөшүү үчүн атайын каражат бөлүп берүүнү да чечкен.

Грузиядагы "жибек революциясынан" кийин өлкөгө НАТОнун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер бир нече жолу келип кеткен жана үстүбүздөгү жылдын февралында келгенде, Грузия менен Украинанын талабы канчалык күчтүү экенине НАТО 2009-жылы баа бериш керек деп билдирген. Айрым саясатчылар аны - мүчөлүк жөнүндөгү сүйлөшүүлөр ошол 2009-жылы башталышы мүмкүн деп чечмелөөдө.
XS
SM
MD
LG