Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Аксы районундагы шайлоочулар ага каршылыгын билдирсе, облустагы коммунисттер Баш мыйзамдын долбооруна коюлган жер суу, кен байлыктары менчиктештирилет деген өзгөртүүлөр менен макул эмес. Сузактык жарандын айтымында Конституция менен шайлоо кодексине кошумчалар тууралуу чоң долбоорго “ооба, же жок” деп жооп берүү туура болбойт. Референдумдун суроолору так жана конкреттүү болуусу керек эле деп эсептейт облус тургуну. Айрымдар добуш берүүгө барбай турганын билдирүүдө.

Референдумга коюлган Баш мыйзам менен шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү кийирүү тууралуу жарандардын түшүнүгү аздыгы сурамжылоодо дайын болду. Депутат Азимбек Бекназаров долбоорго жер-суу, жаратылыш байлыктары менчиктештирилери тууралуу кошумча киргенин түшүндүргөндө анын үч айыл өкмөттөгү шайлоочулары добуш берүүгө катышпай тургандыгын билдиришкен. Бекназаровдун айтымында, 21-октябрдан кийин президенттин укугу ого бетер кеңейет.

- Жаратылыш ресурстары менчикке өтөт деген сөздү укканда тикеден-тике каршы туруп, анда биз референдумду өткөрбөйбүз деп жатышат. Суу кен байлык элдики болуш керек дешет алар. Мен үч айыл өкмөтүнө жолуктум, бардыгы каршы болуп жатышат. Элди үндөйбүз, каршы турабыз, өткөрбөйбүз деген пикирлерин айтып жатышат, - дейт Азимбек Бекназаров.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясындагы кен байлыктар тууралуу 4 беренеге облустагы коммунисттер да макул эмес. Уюмдун облустагы 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаевдин айтымында, референдум өткөндөн кийин байманалуу адамдардын туйтунуусуна кеңири жол ачылат.
- Бул ресурстардын ээлери баягы эле байлар, уурулар, коррупционерлер болот,- дейт Тагайбек Жаркынбаев.

Сузак районунан ысымын жашырган жумушсуз киши шайлоочулардын 15-20 пайызы чет мамлекеттерде жүрсө да, референдум бийлик каалагандай өтөт деген пикирде.

- Мамлекеттин алдыга жылаарына ишенич жок. Жакында мен чет мамлекетке кетейин деп турам. Бул жерде жумуш жок. Референдумга катыша албайм,-

Жалалабат шаар тургуну Айшакан Козукеева референдум суроосуна шайлоо участкасындагылар үйрөткөндөй добуш берем дейт.

- Ошол жердегилер айтат болуш керек. Үйрөтөт да. Мен эмне жөнүндө шайлоо болуп жатканын деле билбейм,- дейт Айшакан Козукеева.

Сузак районунан Апсамат Кадыров референдумда ар бир суроо өзүнчө коюлбаганына бушайман. Баш мыйзамдагы 98 бөлүмдүн баарына жооп берүү мүмкүн эмес, добуш берүүгө конкреттүү түрдө 10 суроо коюлса түшүнүктүү болмок дейт. Конституциянын долбоорлору менен макул болбогон Апсамат Кадыров референдумдун маани-маңызы айыл-кыштак калкына дурустап түшүндүрүлбөгөнүнө кападар.

- Президенттик бийлик кылабызбы же парламенттик бийлик кылабызбы деп “ооба” же “жок” десе же болбосо кол тийбестикти алалыбы же албайлы десе эл ошондо түшүнөт болчу. Менимче, бул референдум дагы деле болсо элдик көз боёмочулук. Эч кимдин референдум боюнча түшүнүгү жок,- дейт Апсамат Кадыров.

Бирок, референумду көпчүлүк колдойт. Мындай ишенимин билдирген март ыңкылабын коргоо кыймылынын облустагы координатору Акрам Сатиевдин айтымында реформа жүргүзүүнү талап кылган оппозициянын эми референдумга каршы чыгып жатканы түшүнүксүз.

- Реформа кыймылына, оппозицияга таң калып жатам. Ушулардын өзүлөрү көтөрүп чыккан идеялары да бүгүнкү күнү өзүлөрүнүн сөзүн тескери кагып жатат. Бул деген алардын позицияларынын жоктугу, оюну,- дейт Акрам Сатиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG