Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

РЕФЕРЕНДУМГА ДАЯРДЫКТАР КАНДАЙ?


Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда референдумга даярдык шайма-шай бүтүп, өлкө аймагы боюнча добуш берилүүчү 2190 шайлоо участкасына бюллетендер беш күн мурда жеткирилди. Жарандар да мамлекет тагдырын чечүүчү бир эмес эки зор маанилүү мыйзам боюнча добуш берүүгө даяр болуп калды. Бирок, коом ичинде мурдагы жылдардагы шайлоолордой эле добуш берүүнүн жыйынтыгы жасалмаланбайбы деген күмөн саноо күч экендигин байкоочулар белгилеп жатышат.

Кыргызстандын баш мыйзамы менен Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясынын тагдыры чечиле турган референдум негизделип жаткан “Жалпы элдик референдумдарды өткөрүү” жөнүндөгү 1991- жылкы мыйзамга ылайык добуш берүү бул жолу таңкы алтыда башталып, кечки саат сегизде аяктайт. Конституция жана Шайлоо кодесинин долбоору боюнча добуш берилгендиктен жарандарга кызыл жана көк түстөгү эки бюллетень берилет. Дагы бир башкы айырма- 2005-жылкы парламенттик шайлоодогудай шайлоочунун баш бармагына сыя сүртүлбөйт. Социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун баамында, мына ушул өзгөчөлүк добуш берүүнүн жыйынтыгы будамайланбай койбойт деп күмөн саноого катуу түрткү берип турат:

-Албетте, Акаевдин учурунда иштеп Акаевге жагынайын деп добуш берүүнү бурмалаган кызматкерлер азыр деле референдумдун жыйынтыгын жасалмалай тургандыгына көзүбүз жетип турат. Ошондуктан, сыя сүйкөлүп, бир эле шайлоочунун көп жолу добуш берүүсүнө бөгөт койчу куралдын алынып салынышы мына ошол пикирге түрткү берет.

Добуш берүүгө чет өлкөдөн келген 130 жана партия, коомдук уюмдардан даярдалган 10 миңден ашык жергиликтүү байкоочу көз салат. Бирок,
кыргыз коомчулугунда бийликке жана анын өкүлдөрүнө жагынуу жана добуш берүүнүн жыйынтыгын алар каалагандай санда камсыз кылуу аракети азыр деле коомдо күч экен дейт Социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов:

-Партиялаштарыбыз менен пикир алышканда жана биздин партияга мүчө кээ бир айыл өкмөт башчылары бизге телефон чалышып, “Социал-демократиялык партия бул Конституцияны колдойт да. Биз да колдоп берелиби? Канча процент добуш берилди деп жазып коелу?” деген кызыктуу сунуштарды айтып жатышат. Биз аларга: “Албетте, Конституциянын долбоорун колдойбуз. Бирок, добуш ачык, так жана калыс болуш керек деп айтып жатабыз.

Референдум алдында өлкөнүн түштүк аймагына байкоо салып келген “Кылым шамы” бейөкмөт уюумунун төрайымы Азиза Абдрасулованын баамында, добуш берүүдө бийлик өз басымын көргөзүүгө табигый жагдай түзүлүп калды:

- Себеби, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн абдан өкүнүү менен айткандарын уктум. Алар эң ириде башка өлкөлөргө же борборго кетип калган адамдардын тизмеси такталбай, алар шайлоочулардын тизмесинде калгандыгын белгилеп жатышат. Андан тышкары убакыт абдан тар болуп, жакшы даярдана албай калдык деп жатышат. Ошондой эле эл референдумдун түпкү маанисин жакшы түшүнбөй калышкандыгы белгилүү. Ушул жагдайларга карай турган болсок, административдик ресурс колдонулбаса референдум жараксыз болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик административдик ресурсту айласыздан колдонот жана аны колдонууга жагдай түзүлүп калды.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун баамында, жасалмалоого жол берилбейт деп так кесе айтуу кыйын, себеби, ушул тапта Кыргызстандын миңдеген жарандары чет өлкөдө иштеп жүргөнү менен мыйзамдуу каттоосу өлкө ичинде. Бирок, БШК башкы ишенимди шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен элдин аң-сезимине артып турат.Себеби:

- Биз өткөн жумада добуш берүү комиссияларынын мүчөлөрү менен төрагаларын окутуп келдик. Биз алардан революция мыйзам бузуулардан улам болгондугун эскертип, революциядан кийинки биринчи референдум болуп жаткандан кийин элдин референдумдарга жоголгон ишенимин кайра калыбына келтирүү үчүн мыйзам бузбоосун сурандык. Анткени, бардык иштер шайлоо комиссияларында жасалат да. Андан тышкары Кыргызстандын келечегине күйгөн жана мыйзам бузуулар болот деп кооптонгон шайлоочуларыбызды өз айылдарында тартип бузууларга көз салып, байкоочу болуп берүүгө чакырам.

Добуш берүүгө көз салчу 10 миң жергиликтүү байкоочунун 210ун даярдаган “Арыш” коомдук бирикмеси өзүнүн ар бир 39 байкоочусунун үстүнөн көзөмөл кылчу бирден алакачысын дайындап, ар бир участкада берилген добуш менен БШКга берилген добуштун санын салыштыруу аракети көргөн жатат. Бирикменин мүдүрү Жумагазы Садыр уулунун билдирүүсү боюнча, буга добушту бурмалоо боюнча мурдагы тажрыйбалар башкы себеп:

- Бийлик жасап коюшу толук мүмкүн. Алар өлүү жандарды же башка жакка көчүп кеткен адамдардын эсебинен добуштарды жолдо ташып баратканда салып коюшу мүмкүн. Ошон үчун биз түпкү шайлоо участкаларында берилген добуштун саны менен БШКга берилген санды салыштырып, кийин ашкере кылсак болот. Ошондо биз элибизге булардын шашып-бушуп өткөргөн референдумунун сырын эми билдиңиздерби деп айтканга далил болот. Эгер бийлик тарабынан одоно мыйзам бузуулар болсо эл жөн калбайт.

БШК болсо бурмалоого жол берилбейт деген ишенимде. Анын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, мыйзам негизинде добуш берүү үчүн шайлоочунун санынан 0,5 процентке гана ашык бюллетень даярдалып, добуш берүүчү жайларда коопсуздук чаралары катуу көрүлдү.

- Андай болбойт. Байкоочулардын көзүнчө мөөр басылып, тунук үкөктөргө добуш берүү жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG