Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛПЫ ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ ӨТҮП ЖАТАТ


Бүгүн таңкы саат алтыдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында жалпысынан 2190 шайлоо учаскасы ачылып, эки жылдан бери чоң талаш-тартыштарды жараткан Баш мыйзамдын жана Шайлоо кодексинин тагдырын чече турчу жалпы элдик референдум башталды. Добуш берүүгө чет өлкөлөрдөн келген 130 көз карандысыз жана жергиликтүү 10 миңден ашуун байкоочу назар салып турушат. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланмакчы. Жарандар сунушталып жаткан Конституциянын долбооруна жана Шайлоо кодексинин жаңы редакциясына добуш берип жатышкандыктан, аларга кызыл жана көк түстөгү эки бюллетень берилүүдө. Мамлекет башчы Референдумга “ооба” деп добуш берди. Президент Курманбек Бакиев Ташкен көчөсүндө жайгашкан участокко жубайы Татьяна Бакиева менен келди. Мамлекет башчы Референдумдан кийин буга чейинки саясий-талаш тартыштар тыйылат деген ишенимде. Парламент тарайбы же жокпу деген суроого Курманбек Бакиев “кандай болууга тийиш болсо, ошондой болот, аны жакында өзүңөр көрөсүңөр,” деп табышмактатып жооп берди. Ошондой эле өкмөт башчы да добуш берди. "Бул башмыйзам узак убакытка кызмат кылып берсе",- деген тилегин айтты Алмазбек Атамбаев. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо И.Раззаков көчөсүндөгү №27 орто мектепте жайгашкан участокко келип добуш берди. Өмүрбек Текебаев Референдумга “жок” деп добуш бергендигин “Азаттыкка” билдирди. Экс-президент Аскар Акаев болсо бүгүнкү Референдумга катышпай тургандыгын айрым маалымат каражаттары аркылуу маалымдаган.

XS
SM
MD
LG