Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

9:05 Ким кайсы жерде добуш берүүгө келет?


Президент Курманбек Бакиев референдумда добуш бериш үчүн Бишкектин Ташкен көчөсүндөгү шайлоо участогуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов Ортосай айылындагы орто мектепте жайгашкан участокко, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев болсо Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан участокко келип добуш берери маалымдалган. Ал эми оппозициялык “Атамекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен “Асаба” партиясынын теңтөрагасы Азимбек Бекназаров И. Раззаков көчөсүндөгү №27-орто мектепте жайгашкан участокко келип добуш беришмекчи. Экс-президент Аскар Акаев болсо бүгүнкү Референдумга катышпай тургандыгын айрым маалымат каражаттары аркылуу маалымдаган.
Азырынча булардын эчкимиси добуш берүүгө келе электиги айтылууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG