Бүгүн эрте мененки саат алтыдан тартып, коалициянын байкоочуларынан айрым добуш берүү участокторуна киргизбей жатышканы тууралуу маалыматтар келе баштады. Москва районундагы №316 участоктун төрагасы коалициянын байкоочусу БШК тарабынан бекитилбегендигин айтып, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга уруксат бербей койгон. Ошондой эле Бишкектеги №1 СИЗОго “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусу ушундай эле негиз менен киргизилген эмес.
Бардык мыйзам бузуулар жана укук тебелөөлөр боюнча Акт түзүлүп, тиешелүү комиссияларга жиберилди, деп маалымдайт “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы. (ZKo)
Бардык мыйзам бузуулар жана укук тебелөөлөр боюнча Акт түзүлүп, тиешелүү комиссияларга жиберилди, деп маалымдайт “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы. (ZKo)