Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Бишкекте “Витлайн” промушн борбору уюштурган “Мода жумалыгы” өттү. Анда Франциядан келген Анна Верон менен бирге Кыргызстандык Татьяна Воротников, Гульсина Найзабекова, Татияна Пак жана башка бир катар модельерлер кийимдер топтомун тартуулашты.Жумалыктын алкагында француз фотосүрөтчүсү Жером Фьевенин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн жыйырмадан ашык эмгектери коюлду.

Аталган борбордун жетекчиси Виталина Борзенконун айтуусунда Жером Фьеве июль айында Кыргызстанга келип тажрыйбасы менен бөлүшүп, устаттык сабактарды өткөргөн.
Ал Бишкекте бир ай болуп, мына ошол убакыт ичинде модель кыздарды сүрөткө түшүргөн. Ал эми ал фотосүрөттөр “Гала” аттуу француз мода журналынын ноябрь айындагы санында чыгат. Тактап айтканда, журналдын 20 бети кыргыздын асем кийимчен кыздарына арналмакчы. Жером Фьевенин бул өнөрдү аркалаганына он беш жылдан ашты. Анын бир өзгөчөлүгү коллекциясындагы эмгектердин дээрлик баардыгын мода жумалыгынан тартылып алынган фотосүрөттөр түзөт. Башкача айтканда ар бир өлкөдө өткөн мода жумалыктарына катышат жана сөзсүз ал мамлекеттерде жеке көргөзмөсүн уюштурат. Буга чейин эмгектерин Африка, АКШ, Италия жана башка бир катар өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сынына койгон. Ал эми Бишкектеги көргөзмө анын Борбор Азиядагы алгачкы көргөзмөсү.

Улуттук китепкана жаш акындар үчүн акын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыялады. Улуттук китепкананын алдында уюшулган “Оту өчпөгөн талант ордосу” борбору тарабынан уюштурулган сынакка 35 жашка чейинки акындар катыша алат. Ага өлкөнүн баардык аймактарынан чыгармалар кабыл алынат. Аталган борбордун жетекчиси Ажар Касымбекованын айтымында сынакта элет жериндеги жаш акындарга өзгөчө көңүл бурулат.

Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлык 2005-жылы Жазуучулар союзунун колдоосу жана маркумдун уул-кыздарынын демилгеси менен негизделген. Сынактын жыйынтыгы декабрда чыгарылат. Келип түшкөн чыгармаларды Сүйүнбай Эралиев баштаган акын-жазуучулар сындан өткөрүшөт. Ал эми жеңүүчүгө диплом, медаль жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле бул саам экинчи орун да белгиленип, ээсине 5 миң сом ыйгарылмакчы.

Бул жумада ошондой эле Орусиянын Свердлов облусунда Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Анда “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык жана “Ак-Марал” бий ансамблдеринин жана бакша көркөм өнөр чеберлеринин концерти тартууланды. Иш-чаранын алкагында кызматташуу жаатында маселелер талкууланып, тажрыйба алмашуу, устаттык сабактарды өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Кыргызстандын театр өнөрүнө кошкон салымы үчүн жана 70 жылдык мааракесине карата Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрына академиялык театр деген статус ыйгарылды. Ал эми мааракеге карата театр бир нече спектакль, жомокторду даярдоодо.

Бүгүн улуттук филармонияда “Айтыш” коомдук фонду белгилүү төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечесин өткөрөт. Ага маркумдун жакындары, шакирттери, замандаштары, ышкыбоз-күйөрмандары чогулушат. Ал эми кеченин алкагында маркумдун чыгармаларынан түзүлгөн концерт болот деп билдирди“Айтыш” коомдук фондунун жооптуу катчысы Азамат Таалай.
Кечеде ошондой эле төкмө акындар айтыш куруп, замандаштары, шакирттери эскеришип, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылышат. Аталган фонд маркумдун эскерүү кечесин ошондой эле Жалалабадда да өткөрүүнү көздөшүүдө.
XS
SM
MD
LG