Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

11:35 Токмокто шайлоо участогунун төрайымы 600 бюллетенди бир ыргытып, өзү добуш берип салды


Токмоктогу №72 добуш берүү участогунун төрайымы О. Карымшакова 600 добуш берүү бюллетенин толтуруп, байкоочуларга жана добуш берүүчүлөргө жарыя кылган соң, үкөккө таштаган. Бул кадамын ал шаар мэринен ушундай көрсөтмө болгондугу менен түшүндүрүп, ошону менен бирге эле ал өзүнүн мыйзам бузуп жаткандыгын билбегендигин ачыктады, деп кабарлады “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы. Ушундай эле аракеттер Чүйдүн №90 Ивановка шайлоо участогунда да жасалган. “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусунун маалыматы боюнча участкалык комиссиянын төрагасы Жеңиш Абыканов менен комиссиянын мүчөсү Эмил Рысалиев, айыл өкмөттүн эки кызматкери 100 бюллетенди толтуруп, үкөккө ташташкан. Алар дагы мындай көрсөтмө аларга жогору жактан берилгенин айтышып, атын атоодон баш тартышкан. Бул окуяларга байланыштуу Акт түзүлдү, бирок айрым участоктордун төрагалары Актка кол коюудан баш тартууда, деп кабарлашат байкоочулар. Ал эми Токмок шаар мэриясынын аппарат башчысы Нурдин Сыдыгалиев мындай маалымат келип түшпөгөндүгүн билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG