Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

11:40 Таласта референдумга катышуу начар


Добуш бергендер санында да айырмачылыктар чыгууда. Таластагы “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эсенгелдиге “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын көз карандысыз байкоочусу Эркин Эшимбаева Талас шаарындагы №108 шайлоо участогунда 21 адам добуш бергенин айткан. Бирок аталган комиссиянын төрагасынын айтымында, келгендердин саны сексенден ашкан. Ушундай эле айырмачылыктар Талас шаарындагы башка шайлоо чөлкөмдөрдө да катталууда. Негизинен добуш берүү жигердүү эмес. Азыр Бакайата районундагы Акдөбө айлында жүргөн биздин кабарчыбыз эртең мененки саат тогузга чейин он үч эле киши добуш бергенин билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG