Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

РЕФЕРЕНДУМ ҮЧҮН ОРУСИЯДАН 8 МИҢГЕ ЧУКУЛ ДОБУШ БЕРИЛЕТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Орусиянын үч шаарында да Кыргызстанда өткөрүлүп аткан референдум үчүн добуш берүү болууда. Убакыт аларда Кыргызстандыкынан артта болгондуктан азырынча жыйынтыгы толук чыга элек.

Mаскөөдө референдумда 2005-жылкы шайлоого келгендерге караганда азыр элдин катары суюгураак болду. Ырас, ал жолу орусиялык он шаарда баш-аягы 13 бекет түзүлүп, добуш чогултуу болгон. Бул жолку референдум үчүн орусиялык үч гана шаарда шайлоо бекети ачылган экен - Маскөө, Екатеринбург жана Новосибирскиде. Кыргызстандын элчилигинин арткы короосуна чогулгандан негизинен жаштар болуп чыкты.

ЧЫНАРБЕК ЖУМАЛИЕВ: - Менин атым Чынарбек. Жалалабаттан болом. Строгинодон келдик. Аны-мунуну жеткирүүчү болуп иштейм. Баарыбыз ошол, Строгинодон бир автобус болуп келдик. Азыр эле шайлоо бөлмөгө кирип чийип чыктык, менимче, туура кабыл алды дейм.

Аралап басып ар ким менен сүйлөшө келгенибизде кыргыздардын көбү рефрендумдагы кош жарандуулуктун козголуп атышын жактырша турганды белгилүү болду.

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН, Бауман университетинин доценти: - Депутаттарды партиялык тизме менен өткөрүүнү мен жактайм. Себеби бизде бир мандаттуу шайлоо болгон учурларда эл жер-жерге бөлүнүп, тууганчылыкка бөлүнүп атпайбыбы. Ошондой ызы-чуулар токтолот дегн үмүттөбүз. Ошол эле учурда бийликтин вертикалдуулугу деген кирип атат. Мурда айыл өкүмөттөрүн эл шайлачу. Эл шайлаганда деле туушкандарына тартуунуна кесепетинен бир айыл эки жат болуп бөлүнүшкө дуушар болуп жатат. Бул маселени кантип чечиш керек?

АЗАТТЫК: - Референдум өткөндөн кийин ошол маселелер чечилет деп ойлойсузбу?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Так чечилет экен дегенден алысмын, бирок кандайдыр бир жакшы жакка баратабыз деген ойдомун.

АЗАТТЫК: - Бул рефрендум орусиялык вертикалды Кыргыстанга алып келет деген аңырт бар, буга Сиз кошула аласызбы?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Бул аңырт эмес, жана мен айтып аткан өкүмөттөрдү мындан ары акимчилик шайлайт. Райондун акими ошол (жергиликтүү – ММ) өкүмөттөрдү эми өзү шайлайт. Демек акимдин бийлигин күчөтүп атат. Ал эми акимдерди президент шайлайт (дайындайт – ММ).

АЗАТТЫК: - Андай болгондо Орусиядагы жагдайды биз көрүп жүрөбүз, ага окшоп, бийлик акыры жүрүп коммунисттик эски тартипке кетип калбайбы?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Коммунисттерде болобу, бизде болобу элибиздин жашоо тиричилигине пайда алып келер турган нерсени колдошубуз керек.

Орусияда Кыргызстандын элчилигинин милдетин аткарп аткан Раимкул Аттокуровдун алдына келип түшүп аткан маалыматтар төмөнкүдөй болуп чыкты:

РАИМКУЛ АТТОКУРОВ: - Шарт боюнча эртең мененки саат сегизден тартып добуш берүү бөлмөмсү ачылды. Биздин жарандардын көбү Москва шаарында коммуналдык мекемелерден иштешкендиктен алар эрте келишти. Саат 11:00 ге дейре бүт Орусия боюнча алганда 849 киши добушун берди. Алардын ичинен Москвада 321 киши, Екатеринбург шаарында – 61, Новосибирск шаарында – 467 киши добуш беришти.

XS
SM
MD
LG