Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

18:47 Рефрендумда мыйзам бузуулар Нарында да болду


НАРЫН. Нарын шаарындагы №472 добуш берүү участкасы Кыргыз-түрк лицейинде жайгашкан. Эртең мененки саат алтыда 75 жаштагы Түкү Жунусов аттуу карыя эң алгачкы болуп добуш берди. Бирок Түкү Жунусуовдун добуш берүүгө укугу бар тизмеде аты-жөнү жок болуп чыкты. Ал адамдан эч кандай арыз алынбастан кошумча тизмеге киргизилип, ага бюллетень берилгендигине «Азаттыкктын» кабарчысы күбөө болду. Облустук рефрендум комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев бул жагдайды мыйзамсыз аракет деп баалады. Облуста 162 шайлоо учатскасы түзүлгөн Жана добуш берүүчүлөрдүн саны 143568 адам. Бирок облустук референдум комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев саат 13гө карата добуш бергендердин катышуусу боюнча маалымат берүүдөн ар кандай шылтоолор менен баш тартты. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG