Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

21:20 Байкоочуларды коркутуп-үркүтүүлөр башталды


Мындай маалыматты “Интербилим” коомдук уюму таратты. Анда айтылгандай добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде Байкоочулардын ишине тоскоолдуктар болуу менен бирге аларга ар түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр боло баштаган. Кочкордогу №34 Каракоо шайлоо участкасында “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусуна кысым көрсөтүлүп жаткандыгы, ушул эле райондун дагы башка участогунда “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын байкоочусуна күч колдонулганы кабарланууда. Ккоомдук уюм эгерде түрдүү чагымчылыктар болуп кетсе, байкоочулардын укугун коргоо мыйзамына ылайык чара көрөрүн билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG