Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

ЧҮЙДӨ РЕФЕРЕНДУМ УЧУРУНДА БИР КАТАР МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНИ АЙТЫЛУУДА


Жазгүл Жамангулова, Чүй Кечээги өткөн референдум Чүй аймагында бир катар мыйзам бузуу менен коштолду. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы тараткан маалыматка караганда, алты жүз добуш берүү бюллетенин тобу менен үкөккө таштаган №72 шайлоо учасканын төрайымы, бул Токмок шаар башчысынын буйругу деп белгилеген. Бирок муну шаар бийлиги толугу менен четке кагууда. Мындай мыйзам бузуу башка шайлоо учаскаларда да катталган.

Чүй аймагынан мыйзам бузуу аракети алгач Токмоктогу №72 добуш берүү учаскасынан катталганы туурасында «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы маалымат таратты. Берилген маалыматка караганда аталган учасканын төрайымы О.Карымшакова 600 добуш берүү бюллетенин толтуруп, байкоочуларга жана добуш берүүчүлөргө жарыя кылган соң, үкөккө таштаган. Өзүнүн одоно мыйзам бузууга барганына түшүнбөгөн төрайым, бул Токмок шаар башкармалыгынын түздөн- түз буйругу экенин белгилеген. Бирок буга байланыштуу биз Токмок шаар башкармалыгынын аппарат жетекчиси Нурдин Сыдыгалиевге байланышканыбызда ал:

- Мен эч кандай комментарий кыла албайм, муну менен тиешелүү органдар изилдеп чыгат. Демек ошондой маалымат айтылгандан кийин аны прокуратура иликтеп чыксын.

Жогорудгыдай аракеттер Ысыката районунун №90 Ивановка шайлоо участогунда да жасалган. “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусунун маалыматы боюнча участкалык комиссиянын төрагасы Жеңиш Абыканов менен комиссиянын мүчөсү Эмил Рысалиев, айыл өкмөттүн эки кызматкери 100 бюллетенди толтуруп, үкөккө ташташкан. Алар дагы мындай көрсөтмө аларга жогору жактан берилгенин айтышып, бирок окуяларга байланыштуу түзүлгөн Актыга кол коюдан баш тартышкан. Ошондой айрым байкоочулар административдик колдоолор ачыктан- ачык болгонун төмөндөгүдөй түшүндүрдү. Алардын бири «Таза табият» коомдук уюмунан Анара Дауталиева.

- Административдик ресурстар абдан колдонулду. Маселен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бардык шайлоо учаскасына барып, шайлоочуларды кичи автобустар менен ташып келип жатышты. Мен айрымдарын сүрөткө тартып алдым.

Андан сырткары кечээги өткөн референдумга карата биз айрым шайлоочулардын да оюн сураган элек.

- Акылбек Моңолдоров, шайлоо абдан жакшы өттү.

- Шейшен уулу Мырзабек, элдин катышуусу жакшы деп айта албайм. Эл эмнени түшүнөт, бийлик билгенин кыла берет да.

Биз менен маектешкен көпчүлүк шайлоочулар, референдум туурасында жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштери болбогонун, жадесе кайсыны белгилээрин да билбегенин айтышты. Айрым шайлоо учаскаларында жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар болгону менен айрым учаскаларда эч кандай байкоочулар катталбаганына күбө болдук.

XS
SM
MD
LG