Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

ОРУСИЯДАН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ЖЫЛЫНА 450 МИЛЛИОНДОЙ ДОЛЛАР ЖӨНӨТYШӨТ


Муса Мураталиев, Москва Кийинки учурда Орусиядан Кыргызстанга акча жөнөтүү Юстрим банкы аркылуу ишке ашуучу болгон. Анын себеби, акча жөнөтүү үчүн ал банк алчу акы бир гана пайызды түзөт экен. Жаңы жылдан тартып башка да жеңилдик бергени атканы туурасында Юстрим банктын бөлүм башчысы Орозкан Сардарбеков кабарчыбыз Муса Мураталиевге айтып берген.

«АЗАТТЫК»: - Банк кайсы жылы жана кимдердин демилгеси менен уюштурулган?

ОРОЗКАН САРДАРБЕКОВ: - 1992-жылы орусиялык жана англиялык тараптар демилгеси менен ачылган. Бирок, ал 2006-жылы 15-августан тартып ЮСТРИМ деген ат менен бир гана акча которуу боюнча ишкердик этүүгө өткөн.

«АЗАТТЫК»: - Саны жагынан ал келгенде Орусияда жашап аткан кыргыздар кайсы шаарлардан акчаны көп жөнөтүшөт?

ОРОЗКАН САРДАРБЕКОВ: - Жылына жөнөтүлүүчү 400 миллион долларды бөлүп-бөлүп айтсак, анда анын 35 пайызын Москва жана москвалык областтан жиберишет. Үйүнө кайсы областтардан жиберетке келсек Ош, Жалалабат жана Баткенден келгендер.

«АЗАТТЫК»: - Кеңейте айтсак, Кыргызстандан башка дагы кайсы мамлекеттерге акча жөнөтүү болот? Алардын чамасы кандай?

ОРОЗКАН САРДАРБЕКОВ: - Азыр биринчи орунду Армения ээлейт. Эмне дегенде ал жумуриятка кеткен акча эсеби жылына 1 миллиард 200 миллион доллар. Андан кийинки орунда Тажикстан, жылына 950 миллион доллар жөнөтүшөт. Кыргызстанга кетчү акча 400 миллион эле быйыл 450 миллион долларга чыгабыз.

«АЗАТТЫК»: - Аз каражат жөнөтүлчү мамлекеттер кайсылар?

ОРОЗКАН САРДАРБЕКОВ: - Грузия менен Азербайжан…

«АЗАТТЫК»: - Банктын келечеги кандай боло турган?

ОРОЗКАН САРДАРБЕКОВ: - Банктын келечегин кучагына алган тогуз система иштеп атат. Анын арасынан биздин изденүүбүздүн ийгиликтүү болору туурасында айта кетейин. Маселен, биздин долбоор боюнча, Кыргызстанга биринчи январдан тартып каражатты сом менен которууга өтөбүз. Экинчиден алынуучу акы нөл пайызга түшөт. Жакында мен Ош, Жалалабат жана Бишкекте болуп келдим. Биздин тапшырманы аткарып аткан банктардын ишин көрүп келдим. Эмне дегенде кийинки учурда көп кишилер телефон аркылуу акчабызды создуктуруп атышат, кезметте турчу болдук, берилбей атат деген датануулар түшө баштаган. Банктын жетекчилери менен сүйлөшүп, 1 январдан тартып сом менен которуп турууга маакулдаштык. Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Сулайманов Нурлан менен жолугуп, жаңы чечимге жетишиштик. Эмне дегенде советтер союзу убагында Кыргызстанда миңге жакын почтолор иштечү. Анын баары иштебей, ал тургай көбү жабылып калган. Азыр ошол почтолор менен келишим түзүп чыктык. Анын себеби айылдан райондун борборуна акча алыш үчүн акы төлөп келишет. Ошол адатты жоюш үчүн биз айыл почтолору менен келишим түздүк. Ошондуктан эми, маселен, Омскиден акча жөнөтүлсө аны Атбашы же Ош, Ноокат же Ысыккөлдүн ар бир булуң-бурчунда айыл-айылдарына жеткирип берүү ошондо да сом менен болот.

XS
SM
MD
LG