Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

ЕВРОБИРИМДИКТИН МҮЧӨЛӨРҮ КОНСТИТУЦИЯНЫ АЛМАШТЫРЧУ КЕЛИШИМ БОЮНЧА МУНАСАГА КЕЛИШТИ


Евробримдик 19- октябрда Лиссабондо өткөн жыйынында Европа конституциясынын долбоорун алмаштырчу келишимдин долбоору боюнча бир мунасага келишти. Мунун менен 2004-жылы биримдик кеңейгенден бери келаткан талашка чекит коюлду. Келишим Евробиримдиктин жигердүү иштөөсүнө өбөлгө түзүп, анын дүйнөлүк саясатта кубаттуу оюнчу кылыш керек.

Жаңы келишим 2004- жылы Евробиримдик кеңейгенден бери уюм мүчөлөрү арасында жөндөлбөй келаткан талашты жымсалдайт. Келишим, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозу белгилегендей, Европага глобализация жагдайында өз кызыкчылыгын коргоого мүмкүндүк берет:

- Бул маселе жөндөлгөндөн кийин, биз эртең жасачу иштерге: Европа өз кызыкчылыгын глобалдашуу шартында кантип коргойт, глобализация жылдары кантип ийгиликке жетсек болот, өз саясатыбызды кантип жүргүзөбүз, өз кызыкчылыгыбызды жана баалуктуктарыбызды XXI-кылымда кантип коргойбуз? Мунун баарына назар таштай алабыз.

Евробримдиктин жетекчилиги Кансыз согуш жылдарынан кийин түзүлгөн статус кво аягына чыгып баратканын ырасташып, биримдик көп уюлдуу дүйнөнүн бир уюлун баштоо үчүн жан аябай иштөөсү зарыл деп тапты.

Биримдик соңку мезгилде Россия менен эсептешүүгө мажбур. Айтсак, Москва Брюсселди бирдиктүү энергия саясатын жүргүзүүгө түртүүдө. Биримдик Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы энегетикалык атаандаштыгынан чочуп, өткөн жумада Өзбекстанга виза режимин жеңилдеткен.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Португалиянын премьер- министри Жозе Сократештин айтышынча, 19- октябрда Лиссабондо макулдашылган келишим биримдиктин дүйнө өлкөлөрү менен кызматташууда бекем позицияда туруусуна мүмкүндүк берет:

- (Келишим) биздин Россия менен болчу саммитте бекем турушубузга шарт түзөт. Келишим бизди Кытай менен болчу саммитте бекем позицияга койот.

Бирок, биримдиктин чиновниктери “Азаттыктын” кабарчысы Аахту Лобякаскага 26- октябрда болчу Евробиримдик- Россия саммити үзүрлүү болоруна ишенишпегенин айтышкан. Айрыкча, Чыгыш европалык дипломаттар президент Путин менен сүйлөшүүдө премьер- министр Сократеш боштук кылып койот деп кооптонушат.

Жума күнү Лиссабондо жетишилген макулдашуу ЕБнын чечим кабыл алуу жараянын өзгөрүүсүз калтырды. Ошентип, Польша каалаган “кош көпчүлүк” принциби 10 жылдан соң киргизилмек болду. Бул принцип боюнча, чечим уюмдун мүчөлөрүнүн 55 проценти жана калкынын 65 проценти колдосо гана, кабыл алынды деп табылат. Ошондой эле, келишимге ылайык, биримдиктин туруктуу төрагасы жана тышкы иштер министри болот. Тийиштүү түрдө алардын бийлик укуктары да кеңейет. Азыр ЕБнын төрагасы ар жарым жылда алмашып турат.

XS
SM
MD
LG