Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Расмий маалыматтарда кечээки жалпы элдик добуш берууго 80 пайыздан ашуун эл катышканы айтылып, БШК азырынча мыйзам бузуулар тууралуу арыздар катталбаганын билдирүүдө Бирок ошол эле учурда көз карандысыз байкоочулар добуш берүүгө эл начар катышканын, ал бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышууда. Сын эле добуш берүүгө катышуу 80 пайыздан ашуун болдубу, ошол мыйзам бузуулар боюнча фактылар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши мүмкүнбү, парламенттин мындан аркы тагдыры кандай болот? Ушул жана башка суроолорго «Азаттыктын» түз ободогу таңкы маегинде «Ак шумкар» партиясынын тең төрагасы, ЖК депутаты Кубатбек Байболов жооп берди.

- Мына кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссясы добуш берууго 80 пайыздан ашуун эл катышканын жарыялады. Сиз ушул жыйынтыкка кошуласызбы?

-
Эми жумурай журтка белгилүү, буга чейинки болгон референдумдарга да чынында 30 пайыздан ашуун эл катышкан эмес. Кечээки референдумга да 30 пайыздан ашуун эл катышкан жок. Эми бул зордукчул жарыялоо экенин баарыбыз тең эле баамдап келбедикпи.

- Сиз жетектеген «Акшумкар» партиясы да кечээ бир канча аймактарда байкоочулук кылганынан кабарыбыз бар. Партиянын өкүлдөрү дүңүнөн добуш беруу сыяктуу бир канча одоно мыйзам бузуулар болгонун да билдиришкен эле. Бирок кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү мындай маалымат тастыкталбаганын айтышты…

- Мыйзам бузуулар Кыргызстандын бардык аймагында болду. Эми бийликтер башканы айтат, биз башканы айтабыз, чындыгында маселенин уңгусу башка жакта. Мындай көз боемочулукка биринчиден элибиз көбүнэсе кайдыгер. А галстук тагынган интеллигенциябыз болсо ошол көз боемочулукту ишке ашырып жатпайбы. Мындан келди бул жалпысынан биздин элдин мааанйынан, ошол кайдыгерлигинен келип чыгууда. Экинчиден, бул кокустан эле пайда боло калган нерсе эмес. Мурдагы советтик өлкөлөрдө кайрадан баягы коммунисттик доор сыягындагыдай вертикалдык бийликти орнотуу деген жаңы бурулуш пайда болду да, маселенин баары мына ушул жакта жатат.

- Ошол мыйзам бузуулар боюнча фактылар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши мүмкүнбү?

- Эми бийликтин маанайын көрүп турасыздар, сотуңа бар, отуңа бар билгениңди кылып ал, деген саясаттын үстүндө келе жатпайбы. Элди кандай кылып калчасак боло берет экен деген маанай өкүм сүрүп калды да. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндө, өзгөчө Кыргызстанда абдан тынч, мемиреп жаткан эл заматта башка маанайды көрсөтө тургандыгынан жыйынтык чыгарышпаса керек.

- Кубат мырза, мына парламенттин референдумдан кйиинки тагдыры тууралуу коптон бери эле ар кандай божомолдор айтылып келатат. Парламенттин мындан аркы тагдыры кандай болот, өзүн-өзү таратууга барышы мүмкүнбү?

-
Буга чейин түздөн-түз таркатып ийебиз деп абдан көп даярдыктар болуп жатканын жумурай журт, өзгөчө саясат менен алектенип жаткандар даана билишет, ошол Акүйдөн чыккан маалымат боюнча. Бирок менимче түздөн-түз таратууга даай албай жатышса керек. Эми ич ара иритүү башталса керек. Биздин соңку тарыхыбызда мындай ич ара таркап кетүү деген болбоду беле. Ошондой да болушу мүмкүн. Биздин саясатчылардын көпчүлүгүн кандай калчай берсе болот…

- Президент Курманбек Бакиев кечээ добуш берип чыккан соң референдум саясий талаш-тартышка чекит коерун айтты. Чын эле саясий талаштарга эми чекит коюлабы, дегеле сиздин баамынызда өлкөдө эми мындан аркы кырдаал кандай өнүгөт?

-
Менимче чекит кое албайт. Себеби, чекит коюлуш үчүн саясий консенсус болушу керек. Экономика өнүгүп, эл ошол бийлик элдин кызыкчылыгын көздөп атканына көзү жетиш керек. Андай болбогондон кийин, чылгый гана өзүнүн бийлигин чыңдоо менен алек болуп келе жаткандыгын катардагы дыйкандар да түшүнө баштабадыбы.

- Рахмат маегиңизге!
XS
SM
MD
LG