Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

НАРЫНДА МЕКЕМЕ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ УЧАСТКАЛАРГА КИРИП АЛГАН УЧУРЛАР БОЛДУ


Күмөндөр Усуптегин, Нарын Референдумду өткөрүү боюнча Нарын облусунда 162 шайлоо участкасы түзүлгөн. Алардын бири Нарын шаарындагы №4072 Кыргыз-түрк лицей референдум участкасында добуш берүү мыйзам бузуу менен башталды. Облустук референдум комиссиясы ошондой эле Нарын шаарында мекеме жетекчилери участкаларга кирип алган учурлар болгонун билдирди.

Нарын шаарындагы №4072 Кыргыз-түрк лицей референдум участкасында саат таңкы бештен 50 мүнөт өткөндө келгенимде бир карыя ичкериде жүрүптүр. Бул жерде шаардын мэри Бейшенаалы Боогачиев да бар экен. Туптуура саат алтыда добуш берүү ачык деп жарыяланып, береги 75 жаштагы карыя Түкү Жунусов эң биринчи ирет добуш берүүгө катышып жаткан Ырысбек Абдылдаев жана шаардын жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев сөз сүйлөштү. Түкү Жунусов бюллетень аларга келгенде анын добуш берүүгө укугу бар тизмеде аты-жөнү жок болуп чыкты:

- Өздөрүнөн кеткен күнөө. Бул жерден тизмесин алып, тактап кетишкен. 1932 жылы туулгам, үйүмдүн дарегин айткам. Кандай себептен туура болбой калды.

Түкү Жунусов карыядан кошумча тизмеге киргизүү тууралуу арыз алынбастан бюллетень берилди. Облустук референдум комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев бул көрүнүштү мыйзам бузуу катары баалап, бирок көңүлгө алаарлыгын белгиледи.

Аманкул Молдалиев ошол эле учурда күндүн түш жарымына чейин өтө чырлуу арыз-даттануу түшпөгөндүгүн, бирок жетекчилердин участкаларга кирип алып жаткандыктары тууралуу маалыматтар бар экендигин да айтты:

- Нарын шаарында мекеме жетекчилери участкаларга кирип алган учурлар болду дейт. Бирок эскертип айттык. Участкага турууга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн көзөмөлдөөгө алардын акысы жок.

XS
SM
MD
LG