Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

10:10 Референдумга 75% шайлоочу “ооба” деп добуш берген


БШКнын маалыматы боюнча 21-октябрдагы Референдумда добуш берүүгө катышкан 80,64% шайлоочунун 75 пайыздан ашууну Башмыйзамдын президент тарабынан сунушталган долбооруна жана шайлоо кодексинин жаңы рекдакциясына макул экендигин билдиришкен. Алгачкы маалыматтар боюнча экөөнө тең “жок” деп добуш бергендер шайлоочулардын 3-4 пайызын түзөт. Бүгүн эрте мененки саат 8:00 карата берилген расмий маалымат боюнча Референдумга кыргызстандык жарандардын 80,64% катышкан. Акыркы жыйынтыктоочу маалымат саат 11:00 белгилүү болот. БШК добуш берүү учурунда болгон мыйзам бузуулар тууралуу жазуу жүзүндө арыз-дооматтар түшпөгөндүгүн маалымдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG