Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ ТАРАТТЫ


Бул тууралуу жардыкка мамлекет башчы 22-октябрда кол койгондугун президенттин парламенттеги өкүлү Каныбек Жороев маалымдады. Муну президенттин маалымат кызматы да тастыктады. Кечээ президент жалпы элдик референдумга сунуштаган баш мыйзамдын долбооруна шайлоочулардын 75 пайыздан ашууну «макул» деген добуш бергендигин БШК бүгүн эртең менен ырастагандан кийин, чукул арада президент парламентти таркатат деген божомолдор айтыла баштаган эле. Бирок, көпкө созбой президент дароо эле парламентти таркатып жиберди. Айрым серепчилердин баамында эми өлкөдөгү абал кайрадан курчушу толук ыктымал.

Президент Курманбек Бакиевдин парламентти таратуу тууралуу бүгүн чыгарган жардыгына ылайык Жогорку Кеңеш бийлик бутактарынын ортосундагы келишпестиктин пайда болгонунан улам таратылган. Тагыраак айтканда парламент менен Конституциялык соттун ортосундагы тирешүү себеп болгон. Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен Конституциялык соттун үч судьясын шайлоо боюнча мурда кабыл алган токтомун жокко чыгарып, Конституциялык сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу пикирлер айтылып, ага байланыштуу Конституциялык соттун ишин текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Конституциялык сот болсо Жогорку Кеңештин мындай чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Президенттин жардыгына ылайык парламент бүгүнкү күндөн тартып ишин токтотот, ал эми жаңы парламентти шайлоону күнүн БШК белгилейт.

Курманбек Бакиев өз жардыгын жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 1993-жылдын 5-майындагы баш мыйзамдын жана 2003-жылы 3-февралда жалпы элдик референдумда кабыл алынган баш мыйзамдын жаңы редакциясынын тиешелүү беренелерине таянып туруп чыгарган. Анда Жогорку Кеңеш токтоосуз түрдө таркатылганы, депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулганы айтылат. Ошондой эле жардыкка ылайык президенттин иш башкармалыгына Жогорку Кеңештин аппараты жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте тез арада документтерди, иш-кагаздарды материалдык-техникалык баалуулуктарды жана Жогорку Кеңешке тиешелүү буюм-тайымдарды коргоого алуу тапшырылган.

XS
SM
MD
LG