Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

15:55 Марат Султанов: кээ бир комитеттер менен комиссиялар аша чаап кеткен учурлар болду


Парламенттин акыркы отурумунан кийин маалымат жыйынын өткөргөн төрага үчүнчү чакырылыштагы депутаттар өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу мыйзамдарды, маанилүү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алып бергенин белгиледи. Ошондой эле ал президенттин билдирүүсүнө парламентке карата айтылган сын-пикирлер тууралуу да айтып, айрым бир депутаттардын амбициялары болгонун мойнуна алды.«Мыйзам жагынан Жогорку Кеңеш жакшы эле иштеди. Мүмкүн кээ учурларда, биз муну танбашыбыз керек, кээ бир комитеттер менен комиссиялар контролдук функциясын ишке ашырууда өтө аша чаап кеткен учурлар болду»,- деп белгиледи Марат Султанов. Төрага 2003-жылкы Башмыйзам боюнча президенттин парламентти таратууга укугу бар экендигин белгилеп, парламенттин таратылышы мыйзамдуу эле болду деген оюн айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG