Конференция саясий, социалдык-экономикалык кырдаалды талдап чыгып, бийлик экс-президенттин каталыктарын кайталоодо, үй-бүлөлүк башкаруу жоюлбай, буюртма киши өлтүрүү токтогон жок деген баа-бүтүмдөрдү чыгарды. Референдум көрсөткүчтөрү ишеним туудурбайт, анда административдик ресурс колдонулду деген Ноокен районундагы мурдагы аким Советали Сеиткулов, участокторго келген шайлоочулар 10-20 пайыздан ашкан жок билдирди. Конференция партиянын республикалык курултайына 50 делегат шайлады. Губернатордун орунбасары Камила Талиева конференциянын билдирүүсүн негизсиз деп четке какты. (YA)