Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

22-октябрда президенттин жардыгы менен Жогорку Кеңеш таркатылды. Мындай чечим Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун ортосундагы келишкис карама-каршылыкка байланыштуу кабыл алынганы жарыяланды. Айрым депутаттар жардыкты кескин сынга алды. Бирок парламент тароо чечимин кабыл алды. Эми декабрь айында жаңы парламенттик шайлоо белгиленери күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин дүйшөмбү күндөгү жыйыны тароо маанайы менен башталды. Алгач депутат Мелис Эшимканов депутаттык ыйгарым-укугун токтотконун жана кесиптештерин да ошого чакыраарын билдирди. Андан кийин депутаттар Арзыбек Бурканов, Нооман Аркабаев, Арапбай Төлөнов,Сергей Попов, Санжар Кадыралиев Жогорку Кеңешти өз эрки менен тароого чакырып, мандаттарын тапшыраарын жарыялашты. Депутат Рашид Тагаев партиялык тизме менен шайлоого барууга чакырды:

-Эми партиялык тизме менен шайлоого баралык. Ошондуктан мен азыр депутаттык мандатымды тапшырып, өзүмдүн партиям менен иштеймин.

Оппозициялык депутаттар Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Эркин Алымбеков, Темир Сариев тароого үндөгөн өз коллегаларын сынга алып, шашылбоого чакырды.

Мына ушундай чакырыктардан кийин депутаттар түшкү танаписке чейин 21-октябрда өткөн референдумду жана 24-мартты эс алуу күнү деп жарыялоого байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоого үлгүрүштү. Депутат Темир Сариев референдумду парламент бекитиш керек деген пикирин билдирди:

-Референдумдун жыйынтыгы БШКнын жыйынында бекитилип, протокол түзүлөт. Ал протокол Жогорку Кеңешке жиберилиш керек. Жогорку Кеңеш протоколду бекиткенден кийин референдумдун жыйынтыгы күчүнө кирет. Ошондуктан референдумдун жыйынтыгын биз бекитишибиз керек. Ансыз мыйзамсыз болуп калат.

24-мартка байланыштуу мыйзамды талкуулоодо суроолор пайда болуп, ал боюнча танаписке чейин чечим кабыл алынган жок. Танапистен кийин болсо президенттин парламентти таркатуу жөнүндө жардыгын Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым-укуктуу өкүлү Каныбек Жороев окуп берди. Жардык Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортсосунда түзүлгөн карама-каршылыкка негизделип чыгарылган:

-Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн аракеттери жана чечимдери менен бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына өкүл болгон Жогорку Кеңеш менен бийликтин сот бутагына өкүл болгон Конституциялык сотунун ортосунда чечилбес карама-каршылыкты жараткан кризиске алып келди. Ушул жагдайларды жана Конституциялык соттун кайрылуусун көңүлгө алып, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылсын.

Президенттин жардыгы менен парламент таркатылды, бирок биз депутаттык ыйгарым-укуктарыбыз сакталып турат деген пикирлер айтылды. Алгачкылардан болуп Азимбек Бекназаров буларды айтты:

-Конституция боюнча президент биздин ыйгарым-укуктарды токтото албайт. Жаңы парламент келгенге чейин биздин ыйгарым-укуктар сакталыш керек. Ошондуктан биз өзүбүздүн ыйгарым-укуктарга таянып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жарыялап туруп кетели.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиев азыр кабыл алып жаткан чечимдери үчүн тарых алдында жооп берерин эскертти:

-2003-жылкы Конституция боюнча президент бизди белгилүү бир учурларда таркатууга укугу бар. Маселен, чечилгис тирешүүлөр болгон учурда. Эми андай тирешүү жок. Муну убагы келип, Бакиев кызматтан кеткенден кийин аны кызматынан кыянатчылык менен пайдаланды деп жоопко тартабыз деп ишенем.

Мына ушундай талкуулардан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов парламенттин мындан ары иштешинин мыйзамдуулугу тууралуу буларды айтты:

-Азыр Жогорку Кеңештин ыйгарым-укуктары токтотулду. Бирок ар бир депутаттын ыйгарым-укуктарын Борбордук шайлоо комиссиясы өз чечими токтотуш керек.

Мына ошондон кийин депутаттар сыйыбыз менен кетели деген пикирлерди айтышып, тийиштүү чечимди түштөн кийин кабыл алышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG