Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

17:48 Баткенде байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес


Баткен облустук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык шайлоочулардын 85,5 пайызы добуш берүүгө катышты. Ал эми добуш бергендердин 98,3 пайзы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна жана 97,3 пайызы Шайлоо кодексине макул деп добуш беришкен. Референдум өткөрүү боюнча облустук комиссиянын төрагасы Авазбек Жамаловдун маалыматында, добуш берүү боюнча эч кандай арыз-даттануулар түшкөн эмес. Бирок көз карандысыз байкоочулардын баамында, добуш берүү илең-салаң жүрүп, жергиликтүү бийликтегилер референдумга катышкан элдин санын ашыруу аракетин көргөн. Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустук бөлүмүнүн төрайымы Карамат Орозова билдирди. (SA)

XS
SM
MD
LG