Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

БШК: ЖАЛПЫ ЭЛДИК ДОБУШ БЕРҮҮ МЫЙЗАМДЫН АЛКАГЫНДА ӨТТҮ


Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала тараткан маалыматына караганда, жалпы элдик добуш берүүгө өлкө атуулдарынын 80,64 пайызы катышкан. БШКнын мүчөлөрүнүн айтымында, референдум мыйзамдын алкагында өткөрүлүп, мыйзам бузуулар тууралуу БШКга жазуу түрүндө доо арыздар түшкөн жок. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү рефрендумда административдик ресурстар колдонулуп, мыйзамды бурмалоо жолу менен өткөнүн айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гуля Рыскулова менен Гүлбара Исабекова бүгүн саат 11:00 маалымат берип, референдумда президент тарабынан сунушталган Башмыйзам долбооруна 75,04%, “ооба”, 3,69%, “жок”,- деп добуш беришкенин, ал эми Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясына 75,45% “ооба” , 3,89% “жок” деп добуш беришкенин билдиришти. Негизинен жалпы элдик добуш берүү мыйзамдын чегинде тынч өтүп, шайлоо участкаларынын ишине жана референдумдун жыйынтыгы боюнча бийлик тараптан эч кандай кысым болгон жок,-дейт Рыскулова.

Ал эми айрым байкоочулардын добуш берүүчүлөрдүн тизмесинде олуттуу кемчиликтер орун алгандыгы тууралуу берген маалыматтарына БШКнын мүчөсү Гүлбара Исабекованын жообу төмөндөгүдөй болду.

-Айрым байкоочулар добуш берүүчүлөрдүн тизмеси боюнча мыйзам бузуулар болгондугун, өлгөн адамдардын аты-жөнү тизмеге кирип калганы тууралуу айтышты. Эми тизмелерге жергиликтүү бийлик түздөн-түз жооп берет. Ошолор бизге даярдап берет. Биздеги негизги проблемалар тизме боюнча бар. Эми аны акырынлык менен оңдош керек.

“Ак Шумкар” партиясынын лидерлери, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү референдум болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешүүдө. Аталган партиянын тең төрагасы Темир Сариев жалпысынан референдумга элдин 50 пайызга жетпеген катмары катышканын белгилеп, бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын да көз боемочулук менен бурмалап жатат деген пикирде.

-Мейли жалпы республика боюнча алыскы айылдарды кошкондо референдумга 50 пайызга жетпеген адамдар катышты десем жаңылышпайм. Мисалы биз көзөмөл кылып, байкоо жүргүзгөн Бишкек шаарында добуш берүүгө 30 пайызга чукул эле эл келди. Бийлик муну менен өзүн өзү алдап атат. Бирок караламан калк алданбайт эл буга өз тараза. Бизде жетиштүү цифралар, фактылар бар. Аларды элдер менен болгон жолугушууларда ачык айтып беребиз.

"Ата мекен" партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов болсо референдумду бурмалоо менен бийлик опуза саясатын жүргүзүп жатат дейт:

-Негизинен референдум мурдагыдай эле өңүттө өттү. Бирок андан дагы жаман жери мурдагыга караганда мында элдер абдан аз катышты. Азыркы бийликтин саясаты ушундай болуп жатпайбы, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты, эмне болсо ошо болсун, колунан келгенин жасап алсын”,-деп эле. Референдумду деле опузага салып, зордук саясаты менен өткөрүп койду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 16:00 маалыматы боюнча Мамлекеттик автоматташтырылган Шайлоо системасына 2190 шайлоо участкасынын 2163 нүн протоколу киргизилген. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна 2 млн. 039 миң 487 атуул “ооба” деп добуш берген. Бул добуш берүүчүлөрдүн 76,45 пайызын түзөт. Ал эми “жок”-деп добуш бергендердин саны 3,67 пайыз болгон.

Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясына добуш берүүчүлөрдүн 76,37 пайызы “ооба” , 3,73 пайызы “жок” деп добуш беришкен. БШК референдумдун жалпы жыйынтыгы эртең, бүрсүгүндөрү чыгып каларын кабарлады.

XS
SM
MD
LG