Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби күнү Польшада өткөрүлгөн кезексиз парламенттик шайлоодо жеңишке оппозиция ээ болду. Шайлоонун расми жыйынтыктары чыгарыла элек, бирок добуштардын 90 пайызы саналганда, алардын 44 пайызга жакыны оппозициялык "Жарандык платформага" берилди. Премьер Качинскийдин партиясы утулганын моюнга алып, оппозицияга өтөөрү жөнүндө жарыялады.

Шайлоодо оппозиция утуп чыкканы - ал шайлоо эркин жана демократиялуу өткөрүлгөнүн көрсөтөт. Польшадагы шайлоо учурунда бир нече көз карандысыз уюм шайлоочулар арасында - алар кимге добуш бергенин сураган жана андай сурамжылоонун баары - шайлоодо оппозиция утуп чыкканын көрсөттү. Расми жыйынтыктар 23-октябрда чыгарылаары күтүлүүдө, бирок добуштардын 90 пайызга жакыны саналып чыкканда, опозициядагы "Жарандык платформа" деген партия шайлоочулардын 44 пайызга жакынынын колдоосуна ээ болгону аныкталды жана бул жыйынтык эми орчундуу өзгөрбөш керек.

Премьер-министр Ярослав Качинскийдин "Укук жана адилеттүүлүк" деген партиясы 30 пайызга жакын добуш менен экинчи орунда калды. Байкоочулардын айтымында, "Жарандык платформа" эми 460 орундуу парламентте эки жүздөн ашык мандатка ээ болот, "Укук жана адилеттүүлүккө" бир жүз алтымышка жакын орун тийиш керек, "Солчулдар жана демократтар" деген партиядан 50, ал эми "Дыйкандар партиясынын" атынан парламентке 35 депутат кирет, андан тышкары бир орун - немис азчылыгына берилиши күтүлүүдө. "Жарандык платформанын" айтымында, алар эми "Дыйкандар" менен коалиция түзүшү мүмкүн.

Жекшембидеги добуш берүүгө акыркы 17 жылда эң көп шайлоочу катышты - 54 пайызга жакын. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч - 52 пайыз - 1993-жылы жетишилген, 2005-жылдагы акыркы шайлоодо болсо добуш берүүгө шайлоочулардын 41 гана пайызы катышкан.

Премьер Качинский утулганын моюнга алып, анын партиясы эми оппозицияда аракеттенет деп билдирди, премьерлик орунга болсо "Жарандык платформанын" жетекчиси Доналд Туск келээри күтүлүүдө. Аны менен катар эми президент менен парламент жана парламент тандаган өкмөт эки башка партиянын өкүлдөрү болот жана, айрым байкоочулардын пикиринде, мурдагыга караганда жакшыраак саясий тең салмак түзүлөт.

Жеңип чыккан "Жарандык платформанын" төрагасы Туск шайлоочуларга рахматын айтты: "Бүгүн, 21-октябрда, шайлоо түйүндөрүнө келип, добуш бергендерге алкыш айтам. Алар өздөрү үчүн жаңы келечек тандап алышты. Көп апталардан бери биз польшалыктарды - алардын турмушу жакшы жакка өзгөрүп, аларга татыктуу өкмөт керек экенин жана алар ага арзый турганына ишендирип келгенбиз", - деди Туск.

Кызматтан эми кете турган премьер Качинский - анын партиясы баштаган иш аягына чыкпай калганын белгиледи: "Биз Польшаны бир топ өзгөрттүк, бирок ал реформалар орто жолдо калды. Чындап келгенде, биз өзүбүздү өзүбүз токтоттук. Эгер биз өз принциптерибизди өзгөртсөк, дагы эле бийликте калмакпыз. Антиш оңой эле болмок, мүмкүн, ал жөнүндө мен кийин жазам. Бирок биз өз принципиалдуу турумубузду кармандык жана ал тууралуу кайгырбайбыз, анткени биз өз принциптерибизди өзгөртпөйбүз", - деди Качинский.

Польшадагы кризис быйыл жайында - коррупциядан күнөөлөнгөн айыл чарба министри Анжей Леппер кызматтан алынып, анын партиясы бийликтеги коалициядан чыгып кеткенден кийин башталган. Доналд Тусктун айтымында болсо, мурдагы өкмөттүн саясатынан улам Польша өзүнүн Европа Биримдиги менен дагы, Орусия менен болгон мамилелерин дагы бузуп алды.
XS
SM
MD
LG