Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

ИРАН СОГУШКА ДАЯРДАНУУДА


Өткөн жекшембиде АКШнын вице-президенти Дик Чейни сыналгы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө өзөктүк аракеттерде жана регионалдык коопсуздук боюнча суроолордо Кошмо Штаттар менен Ирандын мамилелери канчалык курчуп кеткенин көрсөткөндөй болду. Ал аларыкта Тегеран өзүнө коңшулаш мамлекеттерде жайгашкан америкалык күчтөр ага кокустан кол салышы мүмкүн деген шек менен өзүнүн аскерий кубаттуулугун күчөтүп жатат.

Туура бир ай мурда өткөн аскерий парадда Ирандын куралдуу күчтөрү бир топ жаңыртылган баллистикалык ракеталасын көрсөттү.

“Кадр-1” деп аталган ракета буга чейинки “Шахаб-3түн” күчтөндүрүлгөн варианты. Израилдин Баллистикалык Ракеталардан Коргонуу уюмунун мурдагы деректиринин айтымында, формасы боюнча кичинекей “Кадр-1” эки чакырым аралыкты ойрон кыла турган курал жана ал алгачкы жолу 2004-жылкы парадда көрсөтүлгөн болчу.

Эгер азыр айтылып жаткан кабарлар чын болсо, “Кадр-1” Израилге, Түштүк Европага жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы базаларына каршы багытталмак.

20-сентябрда Иран үч түрдүү жаңы, тез уча турган аскерий учагын чыгарды. “Саекех” (“Чагылгандын соккусу”) деп аталган бул учак - буга чейинки “Азаркаштын” (“Добул”) мурдагыдан да күчтөндүрүлгөн формасы. Ирандын Аба күчтөрү жана Коргоо министрликтери биргеликте жасап чыгарган “Саекех” америкалык тез учкан аскерий учакка үндөшүп кете турганы айтылууда. Иран бийликтери ал учакты көбүрөөк өндүрө башташканын билдиришти.

Аскерий күчтөрдүн жетекчиси, генерал Аятолла Салехи өз өлкөсүндө ал учактын өндүрүлүшүн “Иранга коркунуч келтирген мамлекеттерге эскертүү” катары сыпаттады. Анын айтымында, региондогу мамлекеттер чектелүү мүмкүнчүлүнүнө карабай, башка мамлекеттерди да Иранга каршы кайрап жаткан кезде, Тегеран чексиз сандагы технологиясы менен аларга туруштук бере алат.

9-октябрда Иран “Кадр” деген бомба өндүрө баштаганын жарыя кылды. 8-октябрда болсо Иран Ооганстан менен чектеш аймагында аскерий аба-базасын ачты. Иранда буга чейин курулган базалардын көпчүлүгү батыш тараптагы чекарага жакын жерлерде тургузулган болчу.

Жаңы базанын ачылышында жумурияттын аба күчтөрүнүн башчысы, генерал Ахмад Микани ал Иранды коргош үчүн ачылганын айтып, азыр дүйнөдөгү кубаттуу бийликтер Иранды коркутуп-үркүтүүгө далалат жасап жатышканын, бирок мамлекеттин аба күчтөрү аларга жооп кайтарууга даяр экендиктери айтты.

Жаңы аскерий базанын ачылышы менен аскерий курал-жарактардын парады ансыз деле курчуп турган Иран-АКШ ортосундагы алакаларды дагы суутат өңдүү. Америкалык расмий адамдар Ирандын өзөктүк программасы менен байланышкан маселени дипломатиялык жолдор менен чечүүнү максат кылып жатышканын айтышканы менен, Иранга каршы аскерий чара көрүү мүмкүнлүгүнөн да толук баш тарта элек окшойт.

Өткөн жекшембиде вице-президент Дик Чейни Иран “Жакынкы Чыгыштын тынчтанышына кедерги болуп жатат” деп эскертүү жасады.

- Ирандын режими эгер азыркы саясатын өзгөртпөй тура берсе, эларалык коомчулук ага каршы олуттуу чараларды көрүүгө даяр. Кошмо Штаттары башка улуттар менен биргеликте “Иран атомдук бомбага ээ болушуна жол бербейбиз” деген ачык билдирүү жасап жатабыз, - деди Чейни.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG