Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Өлкөдөгү акыркы окуялар, жалпы элдик референдумдун өтүшү жана парламенттин таркатылышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда. Cаясат талдоочулардын баамында, президенттин мындай чукул жүрүшү өлкөдөгү стаблилдүүлүктү деле бузбайт, бирок, бул бийликтин өзгөрүүнү каалабай, өз кызыкчылыгын гана ойлоп калганын билдирип турат.

Бир катар серепчилер парламенттин таркай турганы эбак эле белгилүү болуп калганын, депутаттардын референдумдан кийин дароо таркатылганына таң калбай деле койсо болорун айтышууда. Алардын ырасташынча, президент парламентти азырынча иштеп жаткан 2003-жылкы баш мыйзамдын негизинде таркатып жиберди. Анткени, референдумда көпчүлүк добуш менен колдоого ээ болгон президент сунуштаган баш мыйзам азырынча күчүнө кире элек. Айрым талдоочулардын баамында президенттин мындай кадамынын калк үчүн пайдасы бар экени талаштуу. Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов да алдыдагы жаңы шайлоолор акыйкат өтпөсүн айтат:

- Жаңы парламенттик шайлоо болот. Бирок, жаңы шайлоо деле адилеттүү жана чындыктын негизинде болбойт, мына референдумдун жыйынтыгын деле көрүп атабыз. Кайрадан эле бийликтин административдик ресурстарды колдонуусунун, ыплас нерселердин негизинде шайлоо өтөт. Бул кимге пайда алып келмек эле. Барып-барып туруп, кийин өлкөдө стабилдүүлүк бузулат. Анан эң негизгиси, экономикалык өсүшкө бир топ тоскоол болот. Мени көптөн көп өкүндүргөнү ошол.

Ошондой эле Бакыт Бешимовдун пикиринде, бүгүнкү күнү жалпы элдин аң сезими өзүнө таза лидерлерди тантап алганга жетпей атса, бийликке жетип алгандары жеке кызыкчылыктарын гана көздөп калышты:

- Тилекке каршы Кыргызстандын саясий элитасынын укуктук мамлекет курганга каалоосу да жок, түшүнүгү деле жок. Өзүнүн керт башын, жеке кызыкчылыгын гана ойлогон жетекчиликке баш ийген элдер, мамлекеттер мына турат, же өспөй же өнүкпөй коррупцияга батып, балчыкта жатышат.

Ал эми экономист Талант Кемеловдун баамында, президент акыркы жүрүштөрү менен көптөгөн адам жана каржы ресурстарын өз колуна алып койду. Ошентсе да Курманбек Бакиев Орусия же Казакстандын бийлиги сыңары толук жеңишти камсыз кылуусу кыйын:

- Президент акыркы жүрүштөрү менен көптөгөн кишилерди, каржы ресурстарын колуна алып койду. Кишилер дагы азыр көчөгө чыкпайт го деп ойлоп калдым. Азыр балким оппозициядагы депутаттарда да анча деле каражат жок. Оппозициядагы эң бай адамдар болгон Бабанов, Атамбаевдер да бийлик менен тил табышып кетишпеди беле.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, таркатылган парламент эки жылда өзүн көрсөтө албады. Андыктан анын таркатылышынан трагедия жаратыштын кереги жок:

- Негизинен ушул парламент, эки жылдын ичинде өзүнүн парламенттик милдетин аткара алган жок. Кабыл алган мыйзамдары, ал тургай эки жолу кабыл алган баш мыйзамдын долбоорлору биздин талапка жарабай калды. Жалпы парламенттин деңгээли начар болуп калган. Азыркы убактагы кеткен депутаттар бийликке оңой менен келишкен эмес. Булар бийликке келиш үчүн көп эмгек жумшашкан, көп акча жумшашкан. Ал көрүнүп турат, бирок, көчөгө элди алып чыга алышпайт.

Ушул акыркы окуялар президенттин оппозицияга урган чоң соккусу болду дешет. Эми президент декабрь айына жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн белгилеп, анда да “Ак жол” партиясын алга сүрөп, чоң жеңишке жетери айтылууда. “Бирок, анын жалпы калк үчүн пайдасы бар экени талаштуу”,- дешет серепчилер.
XS
SM
MD
LG