Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

САХАЛЫК ЭЛДИК ӨНӨРПОЗДОР “АЗАТТЫКТА” МЕЙМАНДА БОЛДУ


Таласта өтүп жаткан эпос айтуучулардын эл аралык фестивалына Саха (Якутия) республикасынан баатырдык баяндарды айтуучу элдик өнөрпоз Петр Тихонов баш болгон делегация келди. Алар «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде мейманда болушуп, жакуттардын элдик оозеки чыгармалары тууралуу баян куруп беришти.

Чер токойду бойлоп,
Адыр-түздү жойлоп,
Жортуул кылсам душманга,
Жетээр белем мурадга,-деп көмөкөйдөн чыккан үнгө салып олонко жанрындагы «Баатырдын баяны» аттуу чыгарманы Саха-Жакутия республикасынан келген Петр Тихонов аткарып берди. Анын баянынын башталышы жакуттун бир баатыры душманына каршы аттанаар алдында бир тууган инисине барып, түшүн жорутуп, алдыдагы оор сапары кандай болоору тууралуу кабар алып, инисин сүйгөн жарына, балдарына көз салып турууну өтүнөт экен.

Саха республикасынын Гуманитардык изилдөө институтунун Олонхо борборунун илимий кызматкери Надежда Дьяконованын айтымында Олонко - жакуттардын баатырдык эпосу. Аны аткаруучуларды олонко-оот, деп аташат.

-Олонко-бул жакуттардын баатырдык эпосу. Жакуттарча Олонко деп аталат. Бул элдик жанр Саха республикасында жоголуп бараткан баалуу руханий байлык. Аксакалдардын айтымында, бир олонко-оот эки жүздөн ашуун ырды аткарган. 1991-жылы Саха-Якутия республикасында улуттук мектептерди өнүктүрүү жана жаңыртуу тууралуу концепция кабыл алынып, балдарды эне тилинде окутуу, адабиятты, традициялык маданиятты, элдик чыгармаларды улуттук тилде өнүктүрүү боюнча иш чара жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ошонун кесепетинде олонко-баатырдык эпосторду айтуучуларды да эл арасынан таап, бул жанрды өнүктүрө баштадык. Азыр жеке эле республикааймагы эмес, жалпы Орусияда дүйнө элдеринин эпосун аткаруу боюнча иш чаралары жүргүзүлүөт. Жакуттарда баатырдык эпосторду айтуучуларды олонко-оот, деп аташат.

Надежда Дьяконова белгилегендей Саха аймагы Орус падышалыгынын кармагына өткөндөн кийин, алардын саясатынын кесепетинде өз эне тилин, улуттук чыгармаларын унуткара баштаган. Өзгөчө Сахада совет бийлиги орногондон баштап улуттук руханий байлыкты күчтөп жоготуунун натыйжасында жакуттардын аты, атасынын аты да орусча аталып калган. Надежда айымдын айтымында, 1937-жылдары Сахада 400 чукул олонко-баатырдык эпосторду айтуучулар болгон экен. Аларды эскинин калдыктары деген саясат менен Совет бийлиги кысымга алып, кумга сиңген суудай жок болушкан. Бүгүнкү күнү Саха-Жакут республикасында болгону төрт олонко-оот калды дейт Республикалык олонхочулар ассоциациясынын аткаруучу директору Алена Федорова:

-Алтымыш жылдан бир аз ашуун убакытта, тактап айтканда Сахада 2005-жылы олонко айтуучулардан экөө эле калган. Мына ушундай кейиштүү жагдайга туш болгонбуз. Ушундай элдик руханий байлыкты сактап калуу багытында республикалык олонхочулар ассоциациясы түзүлүп, баатырдык эпосторду айтуучуларды таап, бул жанрды кайрадан жандандыра баштадык. Азыр ассоциацияда Петрдан башка дагы мектеп жашындагы бир кыз бар. Дагы экөө пайгамбар жашына барып калышкан эки аксакал. Көрдүңүзбү, 400 олонхочудан азыр төртөө эле калды. Баатырдык эпосторду айтуу ар бир эле жакуттун колунан келе бербейт. Бул өнөр тубаса таланттарда гана болот. Кийинки он, онбеш жылда жаш муундардын арасынан олонко айтуучулар пайда болуп, баатырдык эпосторду айтуучулардын кайра жаралуусу башталды. Олонко адамзааттын дүйнөлүк руханий байлыктарынын катарына кирип ЮНЕСКОнун көзөмөлүнө алынды. Азыр элдик үлгүдөгү чыгармаларды жандандыруу боюнча мамлекеттик атайын программа кабыл алынып, бюджеттен каражат бөлүнгөн, -дейт Алена Федорова.

Ал эми баатырдык эпосторду аткаруучу Петр Тихонов Сахада айыл мектебинде мугалим болуп иштейт. Анын кесиби тарыхчы. Олонко айтуу ар бир адамга келе бербеген, укумдан-тукумга өтүүчү ыйык өнөр, дейт Петр.

-Баатырдык эпосторду улуттук ыкма менен эске тутуп калуу керек. Олонкону аткаруунун ар кандай түрү бар. Жоон топ жигиттердин аткаруусунда бар. Менин аткаруумдагы олонко нукура элдик, улуттук ыкмада. Анткени мында чыгармага эч кандай кошумчаларды кошпой, маанисин өзгөртпөй айтууга абдан катуу көңүл бурулат. Олонкону айтууда эч кандай музыкалык аспаптар колдонулбайт. Мында ыр окуунун, айтуунун ыкмалары колдонулат. Баатырдык эпосторду ар бир эле адам айта албайт. Буга тубаса талант керек. Бул укумдан-тукумга уланып келаткан өнөр. Менин чоң атам, бабам дагы олонко айтышчуу экен. Баатырдык эпосту узак убакыт айтканымда ырдын текстери өзүнөн өзү келип, баатырлардын мүнөзү, эрдиги, окуялар көз алдыма келип турат.

Петр Тихонов Саха элинин жаңылмачтарын, макал-лакаптарын, секетпайларын да мыкты аткарат экен.

Ал эми Гуманитардык изилдөө институтунун Олонхо борборунун илимий кызматкери Надежда Дьяконова элдик чыгармаларды жыйнап, иликтегенден сырткары унутулуп бараткан салттык ырларды да көмөкөйдөн үн чыгарып, таңдайын такылдатып мыкты аткарат экен. Ал байыркы түнөк ырын аткарып, анын маанисине кыскача токтолду.

-Бул ыр байыркы ыр. Мунун мааниси кара бугу менен ак бугунун арманы десек болот. Узак сапарда аларга кошкон кууш чана сынып калып, бугулар жолун арбыта алышпай кыйналышкан учурун баян кылган ыр.

Саха Жакутиядан келген меймандар “Алтай элдеринин байыркы руху” фестивалынын уюштуруучуларынын чакыруусу менен эпос айтуучулардын Таласта өтүп жаткан эл аралык фестивалына ккелишкен. Фестивалга Алтай, Тува, Саха, Казакстандан келишкен эпос айтуучулар катышууда.

Ал эми олонкочу Петр Тихонов Кыргызстанга келгендеги толкундануусун жашырган жок.

-Мен кандаш бир туугандарыма келгендей сезимдемин. Айрым сөздөрүбүз да окшош экен. Мен келатып таксистен уктум эжей, деген сөздү бизде дагы эжей дейт. Манастын духу, олонконун күчү мени Кыргызстанга алып келгенине абдан бактылуумун. Биздин түпкү тегибиз бир элбиз. Карасаңыз кебетебиз, баскан турганыбыз, көз карашыбыздын бардыгы куюп койгондой окшош. Бул керемет ажайып жерде Манас же олонко болбосо жолукпайт элек.

Республикалык олонхочулар ассоциациясынын аткаруучу директору Алена Федорова болсо Кыргызстандагы сапарында бир катар долбоорлорго келишим түзүп кетерине үмүтү чоң.

-Биз бул келишибизде Кыргызстан менен Саха республикасынын элдик үлгүдөгү чыгармаларды сактап, аны өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөө боюнча келишим түзөбүз. Ошондой эле бир катар долбоолор боюнча иштешеби. Анткени азыркы өтүп жаткан “Алтай элдеринин байыркы руху” –деген эпикалык эл аралык фестивалы айтып тургандай Алтай, Тува, Хакас, Казак, Өзбек, Түркмөн элдеринин өздөрүнүн элдик эпикалык чыгармалары бар. Эгерде ошол байыркы чыгармаларда, мифологиялык баяндамаларда кандайдыр бир окшоштук, жер аттарынан болобу, адамдардын ысымдары, каада-салтынан окшоштук болсо, биздин тамырыбыз бир жерден экенин далилдөөгө шарт түзөт. Биз эпикалык чыгармаларды чогуу иликтешибиз керек.
XS
SM
MD
LG