Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

15:45 “Жибек-Ысыката” айыл чарба кооперативи талашка түштү


Бул туурасында аталган кооперативдин бир катар мүчөлөрү «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесине келип, кооперативдин мыйзамсыз сатылып жаткандыгы туурасында маалымат беришти. Ушул жылдын май айынан бери жергиликтүү бийликтин аралашуусу менен Жибек- Ысыката кооперативи сатылып, учурда акимдин мурдагы орун басары Эстебес Бейшеев жетекчилик кылууда. Негизинен сатылып кеткен техникага жаңы жетекчи өзү каалаган бааны коюп, дыйкандар техникадан кол жууп калуу коркунучу бар, деп тынчсызданууда кооперативдин дээрлик үч жүздөн ашык мүчөсү. Бирок муну Ысыката районунун акими Болот Кененбаев толугу менен четке кагууда. Буга чейин райондогу «Мисс», «Труд», «1-май» жана « 9- май» деген аталыштагы бир нече айыл чарба кооперативдери так ушундай жол менен сатылып кеткен. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG