Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

22-апрелде Биринчи май райондук соту 19-апрелде “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун митингине катышкан эки жаранды 4 жылга эркинен ажыратты. Ошентип апрель митингисине катышып, сот жообуна тартылган жарандардын саны төрткө жетти. 19-апрель күнү митингдин катышуучулары менен милиция кагылыша кетип, соңунда аянтта турган эл куулуп таркатылган эле. Ал эми дал ошол митингди уюштургандардын бири Өмүрбек Субаналиев мамлекеттик чоң кызматка кайрадан тартылып, Президенттин администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн жетектеп калды. Укук коргоочулардын айтымында, митингди уюштургандар жоопко тартылбай эле анын катышуучуларынын камалып жатышы чоң адилетсиздик.

Бириккен фронттун апрель айында уюштурган мөөнөтсүз митингин 19-апрель күнү милиция кууп таркаткан эле. Алардын куулушун Ички иштер министри Болот Ногойбаев, чогулгандардын милицияга таш ыргытканы, тентектик кылышканына байланыштырган эле. Ошондогу акүйдүн жанында болуп өткөн окуяны иликтөө ишин УКМК менен Башкы прокуратура алып, айыптуу делгендер боюнча материалдарды Биринчи май райондук сотуна тапшырган. Өз кезегинде Биринчи май райондук соту буга чейин митингдин катардагы катышуучулары Жолдош Абдиев менен Эркин Акназаровду 4 жылга эркинен ажыраткан. Эми кечээ күнү ошол эле Биринчи май райондук сотунун судясы Жылдызбек Кудаяров, митингге катышкан Жылдызбек Кенжебаев менен Амантай Сейталиевлди да күнөөлүү деп таап, аларга да 4 жыл берди. Бул тууралуу Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мындай дейт:

- Акаевдин учурунда деле дал ушундайлар көп эле болгон. Жол тосуулар, имараттарды талкалоо сыяктуу... Бирок, кылмыш иши козголгон эмес, бир дагы жолу. Мен деле ошол учурда он, он беш жолу камалгам, бирок, бир канча күнгө гана да. Анан эми 19-апрелдеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ал гана эмес 3-4 жылга соттогондору туура эмес. Бул адам укугун тебелегендик жана булар президентти жаманатты кылып атышат. Ошол эле соттор, тергөөчүлөр, ИИМ, УКМК. Ушунун бардыгы биригип алып, коррупция болуп алышып, президентке жагынабыз деп, аны эл аралык коомчулуктун алдында жаман көрсөтүп атышат.

Ал эми “Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде, бул окуя жалпы эл үчүн чоң сабак болду:

- Мына ушул апрель митингисинен кийин биздин жапжаш жигиттерибиз, Адилет Айтикеев сыяктуулар чет мамлекеттерге качып, башпаанек сурап жүрүшөт. Мына ошол эле балдарыбызды ошол фронттун жетекчилери «биз аларды тааныбайбыз, чакырган эмеспиз, өзджөрү келишкен, билбейбиз»,- деп коюшту. Бул дагы карапайым эл үчүн чоң сабак болуп калды окшойт. Эми эл ар кимдин аркасынан эрчибей калат. Ал эми ошол элди аянтка чыгарып коюп, бурулуп кеткендерди эл мындан кийин колдобойт.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын айтымында, митингге катышкан жөнөкөй жарандарды камоо менен бийлик элдин жүрөгүнүн үшүн алгысы келип жатат:

- Менин оюмча булар жөнөкөй элди соттоо менен жалпы элге күчтөрүн көрсөтүп коёлу деп атышат. Мында, «Митинг, демонстрацияга чыксаңар биз ушундай кылып коёбуз, ошондуктан чыкпагыла»,- деген ачык маалымат жатат. Элдин жүрөгүнүн үшүн алуу максатында да. Ал эми ошол эле митингди уюштургандар жүрүшпөйбү кайра эле чоң кызматтарда.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов да бул ишти ИИМ тергебегенин, муну башында эле УКМК менен Башкы прокуратура өз колдоруна алганын билдирди.
XS
SM
MD
LG