Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

17:02 “Дордойдун” жанындагы АЗСте ок аткандардын бир унаасы Чүй ИИБ алып келинди


Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиршти. Маалыматка караганда “Дордойдун” жанындагы автомай куюучу бекетте “Авиа Сервиз Интернейшнл” фирмасынын кызматкерлери түшкөн “Ландкрузер Прадо” автоунаасы май куюп жатканда белгисиз азиат улутундагы эки жигит келип аларды көздөй тапанчадан ок атышкан. Андан автоунаанын айдоочусу Жан Александр жаракат алган. Ок чыгаргандар “Ауди” автоунаасына түшүп, окуя болгон жерден качып кетишкен. Кылмышкерлерге таандык дагы бир автунаа ИИБге алынып келинген. Бул боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, Чүй ИИБнин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG