Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: БАКИЕВ АКАЕВДИН ПАРЛАМЕНТИН ТАРАТЫП, МАРТ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН ТАЛАБЫН АТКАРДЫ


Парламенттин президент тарабынан күтүүсүздөн таратылып жиберилиши боюнча коомчулукта ар кандай сөздөр айтылууда. “Азаттыктын” түз ободогу маегинде мына ушул маселе жана жалпы эле өлкөдөгү саясий кырдаалдын тегерегинде саясат таанучу Токтогул Какчекеев ой-пикир бөлүштү.

- Президенттин кечээ парламентти таратып жибериши көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду окшойт. Сизден алгач ушул маселе боюнча сурасакпы деп турабыз. Сиз парламенттин таратылышын кандай кабылдадыңыз?

- Парламенттин таратылышы бул күтүлүп эле турган нерсе болчу. Анткени, 24-мартта Акаевдин туура эмес жол менен келген депутаттарын тараткыла деген элдин биринчи талабы ошол болчу. Ошол талапты эки жарым жылдан кийин кечээ күнү ишке ашырып, Акаевдин доорунда шайланган парлламенттин депутаттары таратылды. Бул туура иш. Анткени, бул маселе анык болчу. Убакыт гана тар болуп турган, убакыттын тардыгы кечээ күнү чечилип, акыры ишке ашты десек болот.

- Ошол эле учурда айрым депутаттар президенттин бул жардыгынын негизсиз экенин, баш мыйзамга туура келбестигин айтып жатышпайбы?

- Депутаттар маданият, укук жагынан чала сабат болгондуктан өзүнүн кызыкчылыгынан ары жагын көрө албай атат. Бул жөнөкөй эле ич күйдүүлүк менен тайкылыктын белгиси болуп атат. Эл шайлаган президент өзүнүн чечимин туура чыгарды. Анткени, партаменттин депутаттары Конституциялык соттун төрайымына акаарат айтышып, андан тышкары ага каршылык көрсөтүшкөнү Конституциянын гарантиясын жокко чыгаргандык болуп эсептелет.

- Сиздин оюңузча парламентти шайлоо чукул болсо, абал курчуп кетпейби. Дегеле мындан аркы кырдаал кандай өнүгөт деп ойлойсуз?

- Бул саясий күрөштүн жолу. Анткени, бүгүнкү күндө президент тараптын “Ак жол” башында турган партиясы Жогорку Кеңешке келүүгө даярданып атса, анда ошол эле парламентте отруган депутаттар жана ондогон-жүздөгөн партиялардын жетекчилери бул партияга каршылыгын көрсөтүп, бийликке өзүнүн талабын көрсөтүш үчүн биригип чоң оппозицияны түзүүгө мажбур болушат. Анткени тараза тең болуш керек. Ошондуктан каалайбызбы-каалабайбызбы, бирөө баштаса аркасынан экинчиси барат дагы чоң талаш башталат. Бул саясий оюн эмес. Бул саясий күрөштү көрүнүштөрүнүн бири.

- Сөзүбүздү жекшембиде өткөн рефрендум тууралуу улантсак. Ушул рефрендумга расмий тарап 80 пайыздан ашуун эл катышканын айтып жатышат, бирок көз карандысыз байкоочулар буга макул эместигин билдиришип, добуш берүү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып жатышат. Сиз ушул референдумдун өтүшүнө кандай баа бересиз?

- Бул өтө татаал нерсе, өзүң көрбөгөндөн кийин буга баа бериш кыйын. Бирок мен Акаев доорунда болгон нерсени айта алам. Анткени, ошол эле Апсамат Масалиевичтин маалында өзүнүн добушун көп алса дагы, Акаев аны алып барып туруп өткөн эмес, 30 пайыз ашык алган эмес деген. Бул жол мандем болуп калган. Мүмкүн ушул жол менен азыркы жолу да өткөндүр. Бирок мен өзүмдүн шайлоо округум боюнча айта алам. Эл көп деле барган жок, ошентсе дагы биздин округда 80 пайыздан ашык эл келди деген сөздү айтып отурат. Бул бүдөмүк иш. Анткени ШОСтун дагы, ОДКБнын дагы байкоочулары айтып атышат баары тең туура, жакшы өттү деп.

- Бирок ошол эле учурда эл аралык байкоочулар менен жергиликтүү байкоочулардын пикири эки ача чыгып атпайбы?

- Бүгүнкү күндө демократиялык жана анык иш жүзүндө ачык коом боло элек Кыргызстанда. Бүгүнкү күндө күчтүүлөрдүн күчү күч болот, байлардын сөзү өтөт, калган эл өзүнчө эле сөз менен кала берет дагы, бийлик шакмат ойноп, өзүнүн билгенин жазай берет.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG