Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

АКСЫ СОТУ: ӨКҮМГӨ АКСЫЛЫКТАР АЛЫМСЫНГАН ЖОК


Жалалабатта бүгүн Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча өкүмүн угузду. Ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев коюлган айыптар далилденбегендигине байланыштуу акталып чыкты. Кылмыш кодексинин 305-304 беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажырашты. Экөөнүн айтымында, Аскер соту буга чейинки Аскер коллегиясы менен Жогорку Соттун алардын актаган чечимин эске албай, саясий чечим чыгарды. Жабырлануучулар болсо соттун чыгарган өкүмүнө канааттанбай, жогорку инстанцияларга арызданарын билдиришти.

Соттун мындай өкүмүнө 2002-жылы Боспиекте үч киши менен бирге күйөөсү окко учкан Айбарча Сатыбекова нааразы болду. Ал алты адамдын өмүрүн жалмаган алаамат окуяга туура жыйынтык чыгарылбады деп эсептеп, өкүмдү жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Сотко кайрылаарын билдирди:

- Андай жазаны тоок уурдагандарга деле берип коюп атат. Булар адамдын канын төгүп, өздөрү жөн келаткан адамдардын алдын тосуп чыгып, атып атса дагы 3-5 жыл берип койду. Бул биз үчүн эч кандай адилеттүү жаза эмес. Арыздана беребиз Жогорку Сотко, шаардык сотко.

Областык милициянын мурдакы башчысы Кубаныч Токобаевдин айтымында, анын Боспиектеги элге курал колдонуу туралуу телефон аркылуу Аксыда жүргөн орунбасарына берген буйругу далилденген жок. Жаңы жагдайлар боюнча коюлган айыптар негизсиз. Сот саясий чечим чыгаруу менен Кудайбергенов экөөнүн мурда акталгандыгы тууралу буга чейинки сот өкүмдөрүн унутту:

- Өздөрүнүн чечимине карама-каршылык кылып кайра мындай чечим кабыл алып атат. Иш боюнча акты өкүм бузулган жаңы жагдай деген жагдайлар сотто, тергөөдө да аныкталган жок.

17-мартта Аксы районунда болбогондуктан областтын мурдакы прокурору районго келаткан элге тинтүү жүргүзүүгө буйрук бербеген. Зоотбек Кудайбергенов райпрокурор менен Азимбек Бекназаровдун Токтогул районундагы соту чагында депутаттын тарапкерлерине күч колдонуу тууралуу милиционерлерге да көрсөтмө бербегенин билдирди. Экс-прокурордун белгилешинче ал укук коргоочу жана тартип сакчыларынан мыйзам чегинде иштөөнү талап кылган:

- Бул токтомду мен чыгарган жокмун, менин орунбасарым чыгарды. Орунбасарым чыгарган токтомду мен көргөн да жокмун. Сотто өзүңөр уктуңар. Актыда прокуратуранын планы болчу. Ошонун негизинде эле чыгарып атабыз.

Адвокат Сартпай Жайчыбековдун оюнда жабырлануучулар менен мамлекеттик айыптоочулардын талабы эске алынбады. Окуяга катышы бар адамдардын жоопкерсиздигинен жөө кишилер бөөдө атылып, нечен киши жабыр тарткан болчу:

- Булардын кыймыл-аракетинин негизинен төрт адам өлүп, бир канча адам жаракат алды. Эгерде булардын ордуна жөнөкөй адам боло турган болсо, ал адам түрмөдө чирип кетмек. Булар болсо өздөрүнө акырындык менен шарт түзүп атат, кызматта иштеген адамды камаганга болбойт деп.

Аскер соту убакыттын тардыгынан улам эки тараптын пикирлерине жараша жооп берүүдөн баш тартты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG