Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

БЕЛАРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖӨӨТТӨРДҮ ЖАМАНДАМАЙ АДАТЫ


Өткөн аптада Беларустун президенти Александр Лукашенко бир кезде көпчүлүгү жөөттөр жашаган Бабруйск калаасын “чочкоканага” окшоштургандан бери Израил менен Беларустун ортосунда дипломатиялык кайым айтышуу уланууда. Израилдин бир катар расмий өкүлдөрү жана жөөт уюмдары Лукашенконун айткандарын айыптап, аны антисемитизм көрүнүшү деп аташты.

Беларустун президенти өткөн аптада улуттук радиого түз ободо берген интервьюсунда Бабруйск калаасына барсаңар буларга күбө болот элеңер деп агынан жарылды.

- Ал жакка киргенден коркчусуң, чочкокана тим эле. Ал негизинен жөөттөр жашаган шаар эле да. Өзүңөр билесиңер жөөттөр жашаган жайына кандай мамиле кылаарын. Израилди карагыла, мен болгом ал жакта. Мен эч кимди басынткым келбейт, бирок алар Москва, Орусия, Беларустагыдай мисалы, үйүнүн тегерегиндеги чөптү кыркып койгонго анча маани беришпейт.

Лукашенко эч кимди таарынткым келбейт деп кыстара кеткени менен Израилдик жетекчилер жана Беларустук жөөт уюмдары анын айткандарын кескин түрдө айыптап, бул билдирүү Беларуста анисемитизм күчөп барататканынын белгиси деп нааразыланышты. Израилдин Беларустагы элчиси Зив Бен-Ари “Азаттыкка” берген интервьюсунда Лукашенконун айткандарын эски адаттын саркындысы катары сыпаттады:

- Беларус президентинин айткандары Бабруйсктан баштап, Израилге чейин жашаган жөттөрдү таң калдырбай, өкүндүрбөй койгон жок. Анткени анда билимдүү, алдыңкы адамдар эбак көмүп койгон эски уламыштын жаңырыгы угулуп турат. Ал уламыш боюнча жөөттөр деген бир өзүн карабаган, кир, сасык жыт келип турган эл болот, албетте, бул барып турган антисемиттик уламыш.

Израилдин тышкы иштер министри Тзипи Ливни тараткан билдирүүдө дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун жөөттөрдү жектеген антисемитизмдин бардык түрүнө каршы күрөшүү зарыл деп йтылат. Тель-Авив Минсктин Израилдеги элчисине терең нааразылык нотасын тапшырды.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын президенти Рене ван дер Линден Беларус президентин жөөттөрдү жамандаган сөздөрү үчүн кечирим суроого үндөдү.

Беларуста ушу тапта жөөт коомчулугу мурдагыдан кыйла азайган, ырасмий маалыматтар боюнча алардын саны ушу тапта 28 миң адамдын тегерегинде. 2-дүйнөлүк согуш алдында Беларустун 10 миллиондой калкынын 1 миллионун жөөттөр түзчү. Фашисттер басып алгандан кийин алардын 800 миңдейин өлтүрүп жок кылып, Бабруйск өңдүү жөөт калаалары нацисттик геттого, туткундар лагерине, же массалык көрүстөнгө айландырган.

Беларус өкмөтү президент Лукашенко жөөт элин урматтайт, аларга жакшы мамиле кылат деген мазмундагы билдирүүлөр таратты. Анткен менен, Минсктик саясат таануучу Валерий Карбалевич айткандай:

- Президент Лукашенко буга чейин да бир нече ирет калпычы олигархтарды жөөттөргө байланыштырып, мурундары илгичтей деп мүнөздөгөнү бар. Шайлоо маалында элди өзүнө тартыш үчүн жөөттөрдү шылдыңдаган сөздөрдү кошо кеткени болгон. Анткени Орусияда жана Беларуста катардагы адамдар арасында антисемитизм дале күчтүү, дал ошолорго өз киши болуп көрүнүш үчүн Лукашенко тил учунан жөөттөрдү жамандап койгону алгачкы ирет болгон жок, - дейт минскилик саясат таануучу Карбалевич.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG